Бабанов сегиз иш боюнча суралып атканын айтты

Экс-депутат жана президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 29-август күнү сурактан кийин УКМК менен финполго сегиз кылмыш иши боюнча суракка алынып жатканын билдирди. Алардын ичинен төртөөсү боюнча финполдо, калгандары боюнча УКМКда көрсөтмө берүүдө.

Ал жогорудагы иштердин айрымдары Алмазбек Атамбаевдин президенттигинин тушунда, кээ бирлери быйыл козголгонун айткан «Азаттыкка».

Финполлдун басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, Бабанов «бир катар иштер боюнча» күбө катары суралууда. Бирок ал жактан кылмыш иштеринин так санын айтуудан баш тартышты.

«Азыркы учурда тергөөнүн жүрүшү ачыкка чыгарылбайт. Бирок бизде бир катар кылмыш иштери бар экенин анык», — деди финполдун басма сөз катчысы.

Ал эми УКМКнын басма сөз кызматынан Бабановдун күбө макамын «Клоопко» тастыкташканы менен башка комментарий берүүдөн баш тартышты.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга үстүбүздөгү жылдын 9-августунда, тагыраагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган күндүн эртеси кайтып келген.

Саясатчы президенттик шайлоо бүткөндөн кийин дароо эле өлкөдөн чыгып кеткен — ал шайлоодо бийликчил талапкер жана башкы атаандашы Сооронбай Жээнбековдон утулуп калган. Ал кезде Бабановго каршы эки кылмыш иши козголгон.

Ал өзүнүн 2019-жылдын апрелинде берген интервьюсунда Атамбаев жана Жээнбеков менен болгон макулдашууга байланыштуу саясаттан четтеп, Кыргызстандан чыгып кеткенин билдирген. Акыркылары эгер Бабанов саясаттан жана Кыргызстандан кете турган болсо тарапкерлери менен өзүнө куугунтук токтотулаарын убадалашкан.