Ноокен районунда Жаңы жыл түнү милиционер бычакталды

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев «Клоопко» билдиргендей, Ноокен РИИБдин кызматкери, сержант Майрамбек Абылов сол көкүрөгүнө бычак жеп каза тапты.

Окуя Ноокен районуна караштуу Арал айыл аймагынын Орто-Сай тилкесинде болгон.

Териштирүүнүн натыйжасында, маркум Абыловдун эки айылдашын белгисиз бир нече адам сабап, жабырлануучулар Абылов менен Ноокен РИИБдин аймактык өкүлү Улукбек Рахманалы уулун телефон аркылуу жардамга чакырышкан.

«Чакыруу болгон жерге Майрамбек Абылов жабырлануучуларга жардам берүү максатында барып, окуянын чоо-жайын сураштырган. Ал ошол учурда качып бара жаткан адамдын аркасынан чуркап барып кучактап кармаганда, белгисиз адам милиция кызматкеринин сол көкүрөгүнө бычак менен сайып жиберген», — деп айтылат пресс-релизде.

Шектүү катары Базар-Коргон районунун 25 жаштагы тургуну кармалды. Кылмыш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Киши өлтүрүү» беренеси менен катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркум Майрамбек Абылов 30 жашта болчу, анын артынан аялы жана эки баласы калды. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери кызмат өтөп келген.