«Ыйман нуру» партиясынын лидери шайлоого катышуудан баш тартып, партиядан кетти

«Ыйман нуру» партиясынын лидери Айбек Осмонов партиядан кетерин жана келе жаткан парламенттик шайлоого катышпарын билдирди.

«Мен отставка кетүү боюнча арыз жаздым. Ошого байланыштуу, Жогорку Кеңешке болгон келерки шайлоого катышпайм. Ал эми партиянын өзү боюнча, саясий кеңештин мүчөлөрүнүн көбү “Ыйман нуру” шайлоого катышууну улантыш керек деген чечимге келди», — деди Осмонов.

Осмонов мындай чечимге эмне себеп болгонун айткан жок, бирок буга чейин партия мүчөлөрү басым болуп жатканын кабарлашкан. Осмонов «союздаштары» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын жана партиялаштарын болуп жаткан коркутуулардан коргоорун айткан.

«Ыйман нуру» партиясынын мүчөсү Михаил Халитов партияга «бажыны башкарган» бир адам тарабынан кысым болуп жатканын билдирген. Халитов «Райымдын адамдары» партиянын мүчөлөрү тууралуу жалган маалымат таратып жатат деген билдирүсүндө бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тууралуу айтып жатышы ыктымал.

Халитов атаандаштар «партиянын программасынан, принципиалдуу позицисынан жана курамынан» коркушту деп эсептейт.

Кыргызстанда «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат. Нурбек Осмонов июнда берген интервьюсунда «Мекеним Кыргызстан» партиясын иниси Айбек Осмонов негиздеген деп айткан. Учурда бул партияны Мирлан Бакиров жетектейт.

Партия деле таасирдүү үй-бүлө менен байланышы бар экенин жашырбайт — партиянын кеңешмелерине депутат Искендер Матраимов катышып отурганын сүрөттөрдөн көрүүгө болот. Мындан тышкары, партияда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн фонду менен кызматташкан адистер иштешет.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирип, БШКга арыз беришкен. Бирок айрымдары башка партиялар менен биригип, шайлоого өз алдына катышуудан баш тартышкан. Мындан тышкары, 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүнөн улам кээ бир партиялар шайлоого катышпай турганын ачык айтышты.

Учурдагы депутаттардын көбү 2015-жылы парламентке келген партияларынан кетип, күздө болчу шайлоого катышуу үчүн башка партиялардын катарына кошулууда.

ТЕМА БОЮНЧА: Шайлоо 2020: «Ыйман нуру» партиясы атаандашы тарабынан кысым болгонун билдирди