Шайлоо 2020: «Ыйман нуру» партиясы атаандашы тарабынан кысым болгонун билдирди

Айбек Осмонов

«Ыйман нуру» партиясынын мүчөлөрү аларга карата аты аталбаган партиядан кысым болгону тууралуу айтып беришти. Партиянын лидери Айбек Осмонов партиялаштарын коргоого жана мыйзамдын жардамы менен аларды коркуткандарга каршы күрөшүүгө даяр экенин билдирди.

«“Ыйман нуру” партиясын саясий оюндарга аралаштырууга аракет кылгандарды ойлонбой иш кылуудан абай болуусун эскертким келет. Бул учурда жооп адекваттуу жана мыйзам чегинде болот», — деди ал.

Осмонов анын партиясы «шериктештери» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтты. Бул «Ыйман нуру» таасирдүүрөөк партияга кошулуусун же тескерисинче — өзүнө бир нече чакан партияларды кошуп алуусун билдириши мүмкүн.

Буга чейин «Мекеним Кыргызстан» өзүнө «Табылга» жана «Бирик» партияларын кошуп алып, башка партиялар менен биригүү тажрыйбасын көрсөттү. Мындай саясий биригүүлөр партияга таасирин күчөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Саясатчы Айбек Осмонов ишкер, «Каганат инвест» холдингинин негиздөөчүсү Нурбек Осмоновдун иниси. Бул холдингге электробустарды куруу боюнча завод, «Ихлас» курулуш компаниясы жана «Кыргызтекстиль» кирет. Мындан тышкары, холдинг логистикалык борборго салым кылганы маалым. Акыркы убакта президент Сооронбай Жээнбеков Осмоновдордун объектилерине бир нече жолу барган.

Нурбек Осмонов жана президент Жээнбеков

* ЖМКларда «Ихлас» компаниясы менен ар кайсы саясатчылардын байланышы тууралуу бир нече жолу айтылган, ал эми Нурбек Осмонов аны менен байланышы жок экенин ачык төгүндөп келген. 2018-жылы, мурдагы президент Атамбаевдин экс-кеңешчиси Икрамжан Илмиянов жана экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев «Ихлас» менен байланыш тууралуу макала үчүн журналисттер менен соттошууга даяр болушкан. Матраимовдордун үй-бүлөсү дагы курулуш компаниясы менен байланышы жок экенин билдирген, бирок депутат Искендер Матраимов анын үй-бүлөсүнө таандык жерде «Ихлас» компаниясы имарат куруп жатканы тууралуу айтканы бар. Мурдараак, иликтөөчү журналисттер депутаттын жубайы Манивар Жумаевага «Ош Плаза» фирмасы таандык экенин, ал эми Оштун өзүндө ушундай аталышта турак жай комплекси курулуп жатканын жазышкан. Курулуш иштерин «Ихлас» компаниясы алып барат, ал эми курулуш жүрүп жаткан жер тилкеси МККнын маалыматы боюнча Райымбек менен Искендер Матраимовдордун бир тууган эжеси — Чынара Матраимовага таандык.

Партияга ким кысым кылууда?

«Ыйман нуру» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Михаил Халитов «бажыны башкарган» бир адам кысым кылып жатканын билдирди.

«Чечим кабыл алдым. Бажыны башкарган адам тарабынан “Ыйман нуру” партиясына карата жасаган кечээки окуя чыдамымды түгөттү. Партиядан коркушту», — деди ал.

Төмөндөгү цитатага караганда, ал бажы башчысынын мурдагы орун басары Райым Матраимов тууралуу айтып жатат.

«Партия кечээки күндө тарта өзүңөр билген бирөөгө “каршы” шайлоого да баратат. Мажбур кылдыңар канчыктар. Райымдык ЖМКлардан партиядагы радикал исламчылар жана башка сандырак нерселер тууралуу кечээки акыр-чикирлерди окудум. Бир эле тыянак бар — коркушту! Андан ары корко бергиле!» — деп жазды Халитов.

Анын ою боюнча, алар партиядан программасы үчүн, «чимкириктер» жок болгон курамы жана принципиалдуу позициясынан коркушту. «Чимкириктер» деген сөзү парламенттин акыркы чакырылышынын депутаттарына тиешелүү болушу мүмкүн — мурдагы президент Алмазбек Атамбаев аларды ушул сөз менен атаган эле.

Друзья, я «встаю с печи»! Решение принял. Последней каплей было вчерашнее событием в отношении партии Ыйман Нуру со...

Posted by Mikhail Khalitov on Thursday, 13 August 2020

«Мекеним Кыргызстан» партиясын Райым Матраимов менен байланыштырышат.

Нурбек Осмонов июнда берген интервьюсунда анын иниси Айбек «Мекеним Кыргызстан» партиясынын негиздөөчүсү деп айткан.

«Партияны иним Айбек Осмонов негиздеген», — деп билдирген «Кактус» басылмасына.

Азыр бул партияны Мирлан Бакиров жетектейт, бирок партиянын артындагы чыныгы күч деп Матраимовдордун кланы айтылып келет. Партия деле таасирдүү үй-бүлө менен байланышы бар экенин жашырбайт — партиянын кеңешмелеринде депутат Искендер Матраимов катышат. Мындан тышкары, партияда Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн фонду менен иштешкен адистер иштешет.