Өлкөдө 22-августка карата коронавирустан каза болгондор катталган жок

Иллюстративдик сүрөт. Сүрөт: Хамидулло Узаков/Kloop.kg

Республикалык штаб 22-августта COVID-19дан каза болгондор катталбаганын билдирди.

Өлкөдө илдеттен каза болгондордун жалпы саны 1 055 киши бойдон калууда.

Ал эми коронавируска чалдыккандардын саны 42 889га жетти. Жалпысынан 36 056 киши аталган илдеттен сакайды.

Премьер-министр Кыргызстанда коронавирус боюнча эпидемиологиялык абал турукташты деп айтуу эрте экенин буга чейин бир нече жолу кайталаган. Ал эми 21-августта Баткен жана Жалал-Абад облустарында коронавирусту жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатканын айткан.

Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарылдыгын белгилеген. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоого тийиш экенин айтты.