Президент Алмазбек Атамбаев иш сапары менен төртүнчү европалык өлкөгө — Бельгияга барды. Өлкө башчысынын администрациясы Атамбаевдин Европа өлкөлөрүнө болгон сапарын «мурун болуп көрбөгөндөй» сапар деп атады.

Атамбаевдин Европага болгон сапары 23-мартта башталган жана ал өз ичине беш өлкөнү камтыйт — Австрия, Франция, Швейцария, Бельгия жана Германия.

10406414_869694526410558_6122739238943093735_n

Бүгүнкү күнгө чейин Атамбаев Австрия, Франция жана Швейцария өлкөлөрүнө барууга жетишти. Бардык үч өлкөдө тең ал мамлекет башчылары — Хайнц Фишер, Франсуа Олланд жана Симонетта Соммаруга менен жолукту.

Президент Алмазбек Атамбаев, анын жубайы Раиса, Австриянын президенти Хайнц Фишер жана анын жубайы Магрит.
Президент Алмазбек Атамбаев, анын жубайы Раиса, Австриянын президенти Хайнц Фишер жана анын жубайы Магрит.

Вена менен Парижде ал бизнес-форумдарга катышты. Алардын жүрүшүндө кыргыз-австрия жана кыргыз-француз ишкердик кызматташуу маселелери талкууланды.

11059235_869694593077218_2103287226539513793_n

11081060_869719003074777_6164504161477109315_n

11082663_869695093077168_4057919820676248897_n

Атамбаев Францияда да, Австрияда да Кыргызстандагы «ийгиликтүү коррупцияга каршы күрөш» жана өлкөнүн экономикасындагы ачыктуулуктун арткандыгы тууралуу айтты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Франциянын президенти Франсуа Олланд.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Франциянын президенти Франсуа Олланд.

«Биз Кыргызстандын эркин адамдардын, эркин ишкерлердин өлкөсү болушу үчүн болгон аракеттерди көрүп жатабыз. Инвестор, ишкер өзүн суудагы балыктай сезиши үчүн», — деп билдирди Атамбаев Франциянын ишкерлеринин алдында.

DST_1667-1024x581

DST_1746-1024x681

DST_1767-1024x692

DOS_7036-1024x647

Президенттин айтымында, Кыргызстан европалык ишкерлер үчүн Евразиялык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр менен Кытайдын рыногуна чыгууга «ачкыч» болуп бериши мүмкүн.

DOS_6004-1024x682

10944874_869963986383612_4056101155441313723_o-1024x634

Ал эки президент менен тең Европа биримдиги менен Орусиянын кызматташуусунун мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.

Кыргызстандын президентинин аппараты марттын ортосунда Атамбаевдин Молдовага болгон жеке сапары тууралуу расмий билдирүү тараткан — анда өлкө башчысы Кишиневго Молдова, Орусия жана Европа биримдигинин келечектеги мамилелерин талкуулоо үчүн баргандыгы айтылган.

ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер
ЕККУнун башкы катчысы Ламберто Заньер
БУУнун маңзаты жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын директору Юрий Федотов жана Кыргызстандан барган делегация.
БУУнун маңзаты жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын директору Юрий Федотов жана Кыргызстандан барган делегация.

Атамбаев ошондой эле Орусиянын президенти дагы, Европа дагы Украинада тынчтыкты каалай тургандыгын, ал үчүн «Минскте келишилген макулдашууларды сактоо зарыл» экендигин билдирди.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Швейцария Конфедерациясынын президенти Симонетта Соммаруга.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен Швейцария Конфедерациясынын президенти Симонетта Соммаруга.

DOS_7623-1024x666

DOS_7605-1024x739

Учурда өлкө башчысы Бельгияда, анда ал Европа биримдигинин жогорку кызматтагы чиновниктери — Жан-Клод Юнкер, Мартин Шульц жана Дональд Туск менен жолукканы жатат.

Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц.
Алмазбек Атамбаев менен Европа парламентинин төрагасы Мартин Шульц.

DOS_8185-1024x618

DOS_8301-1024x720

Кыргыз президентинин Европа өлкөлөрүнө болгон сапары 2015-жылдын 1-апрелине чейин уланат.

Сүрөттөр тизмеги толукталып турат. Жаңыланууларга көз салып туруңуздар.

Сүрөт: Султан Досалиев.