9-март күнү Жогорку Сот «Клооптун» иши боюнча апелляциялык арызды карады. Адвокат Нурбек Токтакунов анда басылмага каршы кылмыш ишине аралашкан күч кызматкерлерин жазалоону, соттордун жана тергөөчүлөрдүн аракетин иликтөөнү талап кылган болчу.
Атайын кызматтын тергөөчүлөрү, сот эки жолу милдеттендиргенине карабай, басылманын жетекчилигине каршы козголгон кылмыш ишинин материалдары менен толук кандуу таанышууга мүмкүндүк берүүдөн баш тартышкан болчу. Ошондой эле, Токтакунов «Клооптун» иштери боюнча соттор менен айыптоочу тарап ич ара кылмыштуу кутумга барган болушу мүмкүн деп эсептейт.
Басылманын жактоочусу УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Дадынбаевди жана анын кызматкери Талгарбек Нарматовду адвокаттык ишмердүүлүк жүргүзүүгө тоскоолдук жаратканы, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечимин аткарбаганы үчүн жоопко тартууну өтүнүп башкы прокуратурага кайрылган. Бул беренелер боюнча максималдуу жаза — алты жылга чейин эркинен ажыратуу.
Андан тышкары, Токтакунов атайын кызматтын, прокуратуранын жана соттун кызматкерлерине кылмыш ишин козгоп, анын алкагында, булардын ич ара кылмыштуу байланышы боюнча иликтөө жүргүзүүнү өтүнгөн.
Бирок Жогорку сот кассациялык арызды канааттандырган жок — башкача айтканда, сот редакцияга каршы соттук чечимдерди даттанбайт жана текшербейт. Анын ичинде, басылманын тең негиздөөчүсү Ринат Тухватшинди экстремист деп табуу боюнча чечимдин мыйзамдуулугун да карабай турган болду.
«Соттор тергөөчүлөрдү колго чаап, актоо өкүмүн чыгармайын эч кандай оттепель болбойт. Президенттин кызыкчылыгы бар кылмыш иштеринде соттор эчтекени байкабайт дагы, оперлер менен тергөөчүлөр мыйзамсыз аракеттерин токтотпойт. Судьялар жогорку жактын буйругун аткарган сайын, аларга коррупциялык жол менен акча табууга мүмкүнчүлүк берилет жана элдин канын соро берет», — дейт Токтакунов.
Жок эле экстремиз
2025-жылы 28-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту «Клооптун», «Темиров Лайв» жана «Айт Айт Десе» долбоорунун материалдарын, ошондой негиздөөчүлөр Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердүүлүгүн экстремисттик деп тапкан.
Басылмалардын өкүлдөрү жана негиздөөчүлөр соттук отурумга чакырылган эмес, алар соттун чечими тууралуу ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын адамы Өткүрбек Рахмановдун Фейсбуктагы постунан окуп билишкен.
Токтакуновдун айтымында, ошол кезде соттор, атайын кызмат жана прокуратура ал «Клооптун» жана Ринат Тухватшиндин өкүлү экенин жакшы билишчү. Ошондой эле аларда телефон номуру менен үйүнүн дареги дагы бар болчу. Бирок ага эч ким байланышкан эмес жана жакынкы отурум тууралуу кабар айтылган эмес.
Ошол эле учурда, басылманын айрым гана материалдары «экстремисттик» деп табылган. Соттор чечим чыгарууда эксперттердин корутундусуна таянган. Эксперттер болсо эки алып жүрүүчүгө — иштин материалдарына тиркейбиз деп тешип койгон диск жана документтердин арасында жазылбаган флешкага жүктөлгөн материалдарды талдаган.
Эксперт-лингвинтин корутундусуна ылайык, дискте видео жүктөлгөн үч папка болгон: «Б. Темиров» — 6 файл, «Айт Айт» — 10 файл, «Клооп» — 11 файл. Эки папкада — «Темиров Клооп» жана «Айт Айт Десе» — ар биринде 11 файлдан турган эки стенограмма бар болчу.
Иштин материалдарында Республикалык психиатрия жана наркология борборуну менен соттук-лингвистикалык экспертизанын корутундусу бар. Анда «Клооптун» бир гана материалы айтылат — ал «Temirov Live» жана «Айт Айт Десе» долбоорунун негиздөөчүсү Болотом Темиров менен болгон маек.



