Башкы штаб кызматкерлеринин милиционерлер менен «мас абалында чатакташкандыгы» тууралуу жаңылыктар басылмаларындагы маалыматтарды четке какты. Мекеменин билдирүүсү боюнча, офицерлер милиция келгенге чейин эле мушташып жаткандарды ажыратып атышкан.

Башкы штабдын кызматкерлеринин милиционерлер менен болгон чатакташуусу тартылган видео zanoza.kg жаңылыктар агенттигинини сайтына жарыяланган — анда жарандык кийимчен адамдар милиционерлер менен талашып-тартышып, а тартип сакчылары аларды кызматтык автоунаага салууга аракет кылып жаткандыктары көрсөтүлгөн.

Башкы штабдын басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге курган маегинде кармалгандар мекеменин кызматкери экенин ырастады. Бирок штабдын версиясы боюнча, офицерлер коомдук тартип бусбастан «жөн гана эс алып жатышкан».

«Алар жөн гана эс алып жатышкан, алыс эмес жерде жарандык адамдар катуу музыка коюшуп, өз ара мушташа кетишкен. Алар [офицерлер] мушташып жаткандарды ажыратышкан. Ошол маалда жашоочулар милиция чакырышкан. Милиция келген маалда берки жарандык адамдар кетип калышкан болчу, анан биздин офицерлерди тартып алышкан», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Аскер мекемесинин билдирүүсү боюнча, азырынча офицерлерди кызматтан кетирүүгө себептер жок.

«Видеодо эч кандай адепсиз сөздөр айтылган эмес, [офицерлер] милиция сержантын да сөгүп кемсинткен эмес. Алар коомдук тартипти бузбагандыктары үчүн каршылык көрсөтүшкөн. Окуя ишемби күнү кечинде, эс алуу күнү болгон, алар эс алып отурушкан», — деп билдиришти Башкы штабдан.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан Башкы штабдын кызматкерлеринин кармалышы боюнча кийинчерээк түшүндүрмө берүүнү убадалашты.

«Мас абалындагы чатакташуу»

«Башкы штабдын мас кызматкерлери» тууралуу макала zanoza.kg агенттигинин сайтында 15-сентябрда пайда болгон. Анда офицерлер 13-сентябрга караган түнү Түштүк магистралда «мушташ уюштургандыктары» жазылып, алардын кармалышы тартылган видео жайгаштырылган.

Агенттиктин маалыматы боюнча, болжол менен түнкү саат 3төрдө Түштүк магистраль менен Манас проспектисинин кесилишиндеги жашоочулардан билдирүү келип түшкөн. Алар унаа токтотуу жайында бир нече киши катуу музыка коюп, жашоочулардын эскертүүлөрүнө эч реакция жасабай жаткандыктарына даттанышкан.

Андан соң ал жакка милициянын Бишкек штабынын алдындагы жол кайгуул милициясынын атайын батальону барган.

«Ал жерге баргандан кийин милиционерлер чогулгандардан музыканы акырындаттууну талап кылып, өздүктөрүн ырастаган документтерди сурашкан», — деп жазган агенттик.

Басылманын маалыматы боюнча, тартип бузгандар атайын батальондун кызматкерлеринин өтүнүчүнө аларды кемсинткен сөздөрдү айткан Башкы штабдын офицерлери болуп чыгышкан. Алардын бири майор наамына ээ жана аскердик мекеменин башчысы, а анын жанындагылар — капитан жана прапорщик наамындагылары болушкан.