Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна 386 млн доллар жумшалганын билдирди.
«“60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган», — дейт Алагөзов.
Анын айтымында, баштапкы долбоорду президент Садыр Жапаров өзү түп-тамырынан өзгөртүп, боз үй сымал болсун деген тапшырма койгон.
«Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек», — дейт Алагөзов, Ташиевдин мурда айткандарын бурмалап.
Анткени 2024-жылы Ташиев 45 миң адамды сыйдыра турган стадион тууралуу сөз кылган. Ташиевдин андагы маегин УТРК, «Мир» телеканалы, 7-канал жана «Азаттык» радиосу жарыялаган. Анда боз үй сымал стадиондун, азыркы «Бишкек Аренанын» макети көрсөтүлгөн болчу.
«Эгер Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй болуп курулуп калса, ал өзүн өзү актабаганы аз келгенсип, бюджеттин эсебинен жыл сайын миллиарддаган каражаттарды стадионду тейлөө үчүн коротууга жана эмгек акыларды төлөп берүүгө туура келет. Ошондуктан 52 миң адамды батыра турган, жогорудагыдай шарттары менен стадион болсун деп долбоорду чоңойткон», — дейт Алагөзов.
Бирок, басма сөз катчынын пикиринде, жаңы стадион өзүн өзү актайт. Анда ресторан, күркөлөр, дүкөндөр, супер маркеттер бар жана «мааракелерди өткөрүү сунуштары» келе баштады.
«Бирок “Бишкек-Аренабыз” бул сумманы кыска убакытта эле актап тим болбостон, өмүр бою киреше бере турган мекемеге айланат», — дейт ал.
Анткен менен стадиондун курулушуна сарпталган чыгымды комиссия текшермек болду.
«Президентибиз Эсеп палатасы баш болгон башка органдардан турган комиссия түзүп, тыкыр текшерип чыксын деген тапшырма берди. Курулуш материалдары толук колдонулганбы, эмгек акылар толук берилгенби, акчалар уурдалып кеткен жокпу деген сыяктуу маселелер текшерилип, жыйынтыгы жалпы элге жарыяланат», — деп убадалады президенттин басма сөз катчысы.
«Бишкек Арена» стадионун ким курган
Ири стадиондун курулушун «Ордо Курулуш Компани» ишке ашырган.
Алтынбек Козуев — «Ордо Курулуш Компани» кожоюну жана жетекчиси. «Клооп», OCCRP жана Temirov Live маалымат булактары аны Туманбаевдин тарапташы деп аташкан. Компания Козуевге 2026-жылы июнда ээ болгон, ага чейин Туманбаевдин дагы бир тарапташы Нурлан Чыныбековго таандык болчу.
Баса, Козуев тең ээси болгон дагы бир компания, «Иншаат Строй Билдинг» президенттин «Ынтымак Ордо» хансарайын курган жана Каракол аэропортунун реконструкциясын ишке ашырган.
Ачык булактардан «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна байланышкан эч кандай тендер документтери табылган жок. Бул деле таң калычтуу эмес — анткени 2022-жылы Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы өзгөргөн.
Бирок OCCRP стадионду курган бир нече чет элдик компанияларды аныктаган. Алардын бири — бүткүл дүйнө боюнча кеңселери бар америкалык Populous Holdings Inc. компаниясы. Калган үчөө — түркиялык фирмалар. Алар электромеханикалык иштер менен алектенген Dzine, Arenes Engineering Group архитектуралык фирмасы, дагы бири — Istanbul Statik Akademy.





