60$ млндон ашат, $500 млнго жетпейт. «Бишкек Аренанын» так баасын атайын комиссия аныктайт

Бийлик «Бишкек Арена» стадиону канчага курулганын так билбейт — бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун соцтармактарга жазган пикиринен улам белгилүү болду. Стадионду президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаевге байланышы бар компания курган.

Алагөзовдун айтымында, стадиондун курулушуна 60 млн доллардан ашык каражат сарпталган, бирок 500 млн долларга «жетпейт».

«Дүйнөлүк практикага кайрылсак, дүйнө жүзүндө 50-60 миң орундуу заманбап стадиондордун курулушу 500 млн доллардан кем болбойт. Андан арзан баага салынган мындай объектилерди таба албайсыздар. Биздин стадион, албетте, мынчалык кымбатка турган жок, бирок такталбаган сандар менен коомчулукту адаштырууга жол бербейли», — деп жазган ал.

Ал «Бишкек Аренанын» чыныгы баасын атайын комиссия аныктай турганын билдирди. Комиссиянын курамында Эсеп палатасынын, ИИМ, прокуратура жана башка мекемелердин кызматкерлери бар.

Ошондо 60 млн доллар деген баа кайдан чыкты? Көчмөндөр оюндары башталгандан кийин соцтармактарда «Бишкек Аренанын» сүрөтү менен коллаждар тарап, ушул сумма жазылган болчу. Анда «Бишкек Аренаны» Казакстанда мындан бир кыйла кымбатка курулган стадион менен салыштырышкан.

«Бир дагы мамлекеттик орган же расмий тарап стадион “60 миллион долларга курулуп бүттү” деп айткан эмес. Мындай масштабдуу объектти 60 млн долларга арзан куруу мүмкүн эмес. Ошондуктан бул сандарды жөн гана пиар кылып жайылтууну токтотууну суранабыз», — дейт Алагөзов.

Анткен менен 60 миллион доллар деген сумманы чындап эле расмий органдын өкүлү — ошол кездеги УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев айткан.
«Биздин баамыбызда 45 миң орундуу заманбап стадионду 60 миллион долларга салып бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн азырак, мүмкүн ошонун тегерегинде болуп калар», — деген ал 2024-жылы.

Ошондой эле Ташиев стадиондун курулушуна 21 млн долларды «Коррупцияга каршы күрөшүү фонду» бөлөрүн айткан. Бул эмне болгон фонд — түшүнүксүз, Миюсттун реестринде мындай юридикалык жак катталган эмес.

«Бишкек Арена» стадионун ким курган

Ири стадиондун курулушун «Ордо Курулуш Компани» ишке ашырган.

Алтынбек Козуев — «Ордо Курулуш Компани» кожоюну жана жетекчиси. «Клооп», OCCRP жана Temirov Live маалымат булактары аны Туманбаевдин тарапташы деп аташкан. Компания Козуевге 2026-жылы июнда ээ болгон, ага чейин Туманбаевдин дагы бир тарапташы Нурлан Чыныбековго таандык болчу.

Баса, Козуев тең ээси болгон дагы бир компания, «Иншаат Строй Билдинг» президенттин «Ынтымак Ордо» хансарайын курган жана Каракол аэропортунун реконструкциясын ишке ашырган.

Ачык булактардан «Бишкек Арена» стадионунун курулушуна байланышкан эч кандай тендер документтери табылган жок. Бул деле таң калычтуу эмес — анткени 2022-жылы Жапаровдун демилгеси менен Кыргызстанда мамлекеттик сатып алуулар мыйзамы өзгөргөн.