Полиция Москвада кыргызстандык кыздарды кордогон үч кыргыз жаранын кармады. Учурда тергөөчүлөр аларга карата кылмыш ишин козгоо-козгобоо маселесин чечип жатышат.

Кыргыз ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москвада кыргызстандык кыздарды кордогон үч кыргыз «потриотун» кармап, жергиликтүү полицияга өткөрүп беришти.

Кыргызстандын ИИМинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Аскат Алиев «Азаттык» радиосуна курган маегинде кыргызстандыктар 26-февралда, жабырлануучу тараптын кайрылуусунан кийин кармалгандыктарын билдирген.

«Биз Кыргызстандын 1995чи, 1996чы жана 1989-жылы туулган үч жаранын кармадык. Алар Орусияда төрт-беш жылдан бери жүрүшөт, короо шыпыруучу болуп, курулуш тармактарында түрдүү жумуштарда иштеп келишкен», — деди ал.

Алиев кармалгандар жергиликтүү полицияга өткөрүлүп берилгенин кошумчалады. Өз кезегинде алар учурда кыргыз кыздарын кордогон мигранттардын аракеттеринде кылмыш курамынын бар-жоктугун карап жатышат.

«Силер акыркы видеону көргөнсүңөр да, анда физикалык күч колдонулган эмес. Мурдагы видеолорунда алар кыздарга кол көтөрүшкөн, кылмыш курамы көрүнүп турган», — деди ал.

«Патриотторду» суракка алуу

Москвада кыргызстандыктардын кармалгандыгы тууралуу билдирүүлөр менен катар эле интернетте белгисиз балдар тарабынан ал «патриоттордун» суракка алынып жаткандыгы тартылган видео пайда болду.

Видео кыргызстандыктар Москванын «Ариана» кафесинде аны кантип кордогондуктарын айтып берген жабырлануучу кыздын сөздөрү менен башталат.

Анын айтымында, «патриоттордун» бири аны опузалап баштаган — ал эгер кыз аны менен досторун сексуалдык жактан канааттандыра турган болсо, камерага тартылган кордуктоо видеосун интернетке чыгарбай тургандыгын айткан.

«Ал мени опузалап, эгер мен мейманканага барып, аны жана анын досторун тейлесем өчүрө тургандыгын айтты. Аны менен катар мейманканадагы номур үчүн да мен төлөшүм керек болчу», — деген видеодо жабырлануучу.

Андан соң «патриоттордун» бири кыздардан кечирим сураган.

«Экинчи мен мындай иштерди кылбайм. Мекендеш кыздардан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сурайм», — деди ал.

ИИМ: Сурак «мыйзамсыз»

Ал суракта суракка алып жаткандардын бири кимди патриот деп эсептесе болоруна кызыккан.

«Патриот — бул өлкөсүн коргоп, сактаган адам. Мен кылган иштерим үчүн өзүмдү патриот деп эсептебейм. Ал жакта [кафеде] болгонду патриоттуулук деп айтууга болбойт», — деп айткан кармалган бала.

Кыргызстандын ИИМинин басма сөз кызматынан Kloop.kgге «патриоттордун» суракка алынышы — «мыйзамсыз» экенин, анткени белгисиз балдар кыргызстандыктарды милиция менен макулдашпастан эле кармашкан.

«Биздин мыйзамдар Орусияныкынан бир аз айырмалангандыктан, аларды кандай жоопкерчилик күтө тургандыгын Орусиянын ИИМинен тактап билүү керек» , — деп билдиришти басма сөз кызматтан.

ИИМ өкүлү кыргызстандыктар кимдир-бирөөнө кордук көрсөтпөшү керек болгондугун, анткени ар бир адам тандоого укуктуу экенин жана бош убактысын кантип өткөрүүнү ар ким өзү биле тургандыгын кошумчалады.

Кыргыз кыздарды кордоо

Кыздардын кордолушу тартылган видео интернетте 15-февралда пайда болгон. Анда белгисиз балдар эки кызды суракка алып, алардын эмне себептен кыргыздар эмес, а азерлер менен жолугушуп жаткандыктарын сурашкан.

Бул кыргыз мигранттарынын башка улуттун өкүлдөрү менен байланышка барган кыргыз кыздарын кемсинткен алгачкы учур эмес. Көбүнчө мындай видеолор интернетке өздөрүн «патриоттор» деп атаган топ тарабынан чыгарылат.

Бул сыяктуу алгачкы видео 2012-жылдын февралында жарыяланган. Анда мигрант эркектер этникалык тажик менен мамиледе болгон деп кыргыз кызды айыпташкан.

Ага окшош видео 2014-жылдын декабрында да чыккан. Анда Орто Азиядан барган мигранттар «улутту кемсинттиңер» деп болжолдуу түрдө кыргызстандык жана тажикстандык кыздарды сабап жаткандыктары тартылган.

Өздөрүн «патриоттор» аташкан топ кезектеги жолу 2015-жылдын июлунда сурак жасашкан. Интернетке жарыяланган ал видеодо жылаңач кызды суракка алышып, аны өзбектер менен байланышта болгон деп айыпташкан.