5-мартта белгиленген Калпак күнүнө карата Кыргыз-түрк «Манас» университетинин студенттери эки жарым метрлик калпак жасашты. Өз эмгегин студенттер Гиннестин рекорддор китебине киргизүүгө аракет кылышкан, бирок инсталляциясы анын талаптарына туура келбей калган.

Эки жарым метрлик бийиктиктеги калпак Кыргыз-түрк «Манас» университетинин он студенти тарабынан кийиз жана поролон менен эки апта ичинде жасалып тигилген.

Идеянын авторлорунун бири Солтонбек Эркиндин айтымында, колдонулган материалдардын туура келбегендиги — чыныгы калпак толугу менен кийизден тигилет — Гиннестин рекорддор китебине киргизүүдөн баш тартылышынын себеби болуп калган.

«Бизге мындан да чоң калпактардын бар экенин айтышты. Кийинки жылга карата демөөрчү таап, калпакты толугу менен кийизден жасайлы деп жатабыз. Анын бийиктиги 8-9 метр болот, аны менен Гинесстин рекорд китебине киребиз деген үмүттөбүз», — деди Эркин.

Калпак студентттик кеңештин акчасына жасалып тигилген, бирок уюштуруучу так сумманы атоодон баш тартты.

Калпактын өзү 5-мартта, Калпак күнүн майрамдоого карата өткөрүлгөн «Манас» университетиндеги расмий ачылышында тааныштырылды. Андан соң аны Ала-Тоо аянтында көрсөтүшүп, ал жактан Бишкек мэриясына алып барышты.

Калпак күнү 2011-жылдан бери жыл сайын 5-мартта белгиленип келет.

Видео: Азат Рузиев
Текст: Нурия Рыскулова