Жаңы таштанды челектер, жаңы автобустар менен троллейбустар, жолдорду оңдоо жана стритрейсерлер үчүн атайын трасса — Бишкектин мэри өзүнүн алгачкы маегинде шаар тургундарына дагы эмнелерди убадалагандыгын Kloop.kgнин материалынан окуңуздар.

Бишкектин мэри болуп февралдын аягында шайланган жаңы калаа башчысы Албек Ибраимов 11-мартта өзүнүн алгачкы интервьюсун берди — түз эфирде ал Sputnik агенттигинин журналисти менен Бишкектин тургундарынын суроолоруна жооп берди.

Мэрдин башкы убадалары:

  • Жаңы таштанды челектерин орнотуу — «жакынкы айларда»;
  • Бишкектин ири 126 жолун оңдоо — жакынкы эки жыл ичинде;
  • Профсоюз көчөсүнүн Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн оңдоо — 31-августка чейин;
  • 25-мартка чейин жаңы 10 автобус жана ушул жылдын ичинде 50 жаңы троллейбус алуу;
  • Үч жаңы троллейбус каттамын киргизүү;
  • Бишкектин түштүгүндө 12 чакырымдык велосипед жолун бөлүү — «күзгө чейин»;
  • Стритрейсерлер үчүн атайын трасса түзүү;
  • Куруучуларды кыйылган бактардын ордуна жаңыларын отургузууга милдеттендирүү.

Мэр эмнелер жөнүндө айтты?

Шаардагы  тазалык жөнүндө

Ибраимов ал үчүн эң башкы маселе — «шаардын тазалыгы» экенин белгилеп, үч ай бою өткөрүлө турган ишембиликтер тууралуу айтты.

«Бардык эс алуу жайлары менен көчөлөрдү кыштан кийин тазалап чыгуу керек — жалбырактардан дегендей — анан бактарды отургузуп баштоо зарыл», — деди ал.

Жаңы мэр президент Алмазбек Атамбаев өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте Бишкектин ботаникалык бакчасына ишембиликке чыгууга даяр экендиктерин билдирди.

«Ишембиликтердин көбү отчет үчүн өтөт. Чыгып бактарды отургузушат, бирок андан кийин аларды эч ким карабайт, жыйынтыгында алар куурап калат. Бүгүн биз бул маселенин башка жагынан баштайбыз. Отургузуп коюу башка, а өстүрүп чоңойтуу башка иш. Биз ирригациялык системалардан баштадык. Бактарды отургузган соң аларды сугаруу керек, ошондо алар өсүп кетишет», — деди ал.

Ботаникалык бакчадагы алгачкы ишембилик 12-мартта башталат, деп билдирүүдө мэриянын басма сөз кызматы. Ага бардык каалоочулар чакырылган.

musor_kont

Ибраимовдун айтымында, «жакынкы айларда» Бишкекте жаңы таштанды челектери пайда болот — «Тазалык» муниципалдык ишканасы 5600 таштанды челегин сатып алган, бирок азырынча алар үчүн шаарда атайын аянтчалар жетишейт.

Ал ошондой эле жолдордун тайгактыгы менен күрөшүү үчүн химиялык реагенттерди сатып алуу ниети тууралуу айтып берди. Анын айтымында, кышында жолдорго чачылып жаткан кум жазында шаардын чаң болуусуна алып келет.

«Биз кыш мезгилинде тайгактан коргонуу үчүн жолдорго кум себебиз. Жаз башталары менен аларды кайра тазалап баштайбыз. Бүгүнкү күндө заманбап ыкмалар — реагенттер бар. Ал реагенттердин баасы биз буга чейин пайдаланган ыкмага кеткен чыгымдардай эле болот», — деди ал.

Бактардын кыйылышы жөнүндө

Бишкектин жаңы мэри шаардык администрация бактарды «баалоонун» жаңы механизмин иштеп чыккандыгын жана кыйылган бактардын ордун жаңы отургузулгандары менен толуктоо үчүн «бизнес менен сүйлөшүүгө» аракет кылып жатканын айтты.

derevya

«Эгер ал 40 жылдан бери өсүп жаткан жана баалуу бак болсо, ал жаңы 10 өсүмдүккө туура келет. Бир бакты кыюу менен ишкер кооздугу жагынан кыйылган бактардын ордун баса ала тургандай дагы 10 жаңысын отургузуусу керек болот», — деди Ибраимов.

Жолдор жана транспорт жөнүндө

Жаңы мэр жакынкы эки-үч жылда 126 ири жолду оңдоо пландалып жатканын билдирди — анын айтымында, бул шаардагы жүктөлүштү азайтышы керек.

remont_ulits

Андан сырткары велосипед жолдорун куруу жана автопаркты жаңылоо пландалып жатат — эски автобустар экологиялык жактан тазаларына алмаштырылат.

«Бизге электр менен иштеген транспорт керек, ал кеминде бизге үч жаңы каттам берет. Биз газ менен иштеген автобустарга буйрутма берип жатабыз. [Бензин менен иштеген кыймылдаткычтардан чыккан газ] экологияга жана жүргүнчүлөрдү ташуунун өз наркына таасир этет. Отундун башка түрлөрүнө салыштырмалуу бүгүн газ кыйла арзан», — деди Ибраимов.

avtobusy-trolleybusy

Ибраимов шаардагы унаа токтотуу жайларына байланышкан маселе «чечүүгө оор» маселе экенин айтты. Мэрия көп деңгээлдүү унаа токтотуу жайларын курууга сынак уюштуруу ниетинде.

«Азыр колдо бар унаа токтотуу аянттары жетишсиз. Азыркыларды [унаа токтотуу жайларын] Муниципалдык менчик башкармалыгына беребиз. Жаңы унаа токтотуу жайлары инвесторлордун акчасына курулат жана бекер болбойт. Коопсуздук жана жайлуулук үчүн төлөө керек. [Төлөм] биздин кирешелерге туура келет деген үмүттөбүз», — деди мэр.

«Эгемендүүлүк күнүнө [31-август] карата өткөрүлчү иш-чаралар жана башка түрдүү самиттерге» байланыштуу Профсоюз көчөсүнүн Жибек-Жолу жана Фучик көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүгүн биринчи кезекте оңдоо каралууда.

Тема боюнча: КСДПдан талапкер Албек Ибраимов Бишкектин мэри болуп шайланды [видео]

Веложолдор жөнүндө

Ибраимов мэрия шаардын түштүк бөлүгүнөн дагы бир велосипед жолун бөлүүнү пландап жатканын айтты — анын узундугу 12 чакырымды түзөт. Мэр бул ишти «күздүн аягына» чейин бүткөрүүнү убадалады.

velodorozhka

Азыр веложолдордун көбү өз максатында пайдаланылбай эле — көпчүлүк учурларда айдоочулар аларга автоунааларын токтотушат.

Стритрейсерлер жөнүндө

Мэр автоунаа менен тез ылдамдыкта жүрүүнү жактыргандар үчүн атайын трасса түзүүнү сунуштады — вариант катары ал анын курулушуна эски аба майдандын аймагын караштырууда.

streetracing

«Биз бул меселеге киришип баштайбыз. Автоунаа менен тез ылдамдыкта жүрүүнү каалагандар үчүн биз альтернатива түзүп беребиз», — деп убадалады мэр.

Ибраимов автосүйүүчүлөр бул маселе боюнча бардык сунуштар менен жеке өзүнө кайрыла ала тургандыктарын айтты.

Башаламан соода жөнүндө

Ибраимов Бишкектеги башаламан соода тууралуу берилген суроого жооп берип жатып ага тыюу салуу «туура эмес» болорун, анткени шаардыктар алектенген башкы нерсе соода менен кызмат көрсөтүү экенин айтты.

«Алар жол жээктеринде эмес, а соода жайларында соода кылышы үчүн [көчө соодасын] мыйзамдаштырып, орундарды аныктоо керек», — деп сунуштады мэр.

Шаардыктар менен байланышуу жөнүндө

Ибраимов учурда шаардыктар менен мэриянын ортосундагы байланыштын «жетиштүү» ыкмалары бар экенин айтты: WhatsApp, кабыл алуу бөлүмү жана ачык телефон линиясы.

«Шаардыктардын көбү бул байланыш ыкмаларын колдонушат, биз шаарда болуп жаткан нерселерге реакция кылууга үйрөндүк. Бул биз үчүн жана биздин ишканалар үчүн чоң жардам», — деди мэр.

Шаардык администрация өкүлдөрү кирбей калган «Дизель» форумундагы мэриянын ишине арналган темага байланышкан суроого жооп берип жатып Ибраимов азыр мэрия шаардыктардын «майда топтору» менен кичинекей сайттарга алагды болбостон,  расмий сайттар менен гана иштешип жатканын айтты.

Анткен менен мэр шаар администрациясы форумдун катышуучулары менен сүйлөшүүсүн «калыбына келтириши» мүмкүндүгүн билдирди.

Материал жарыяланып жаткан маалга карата 15 мүнөттүн ичинде «Дизелге» кирген колдонуучулардын саны 12 миңге жакын болду.

Өзү жөнүндө

Калаа башчысы анын үй-бүлөсү чоң экенин — алты баласы жана небереси бар экенин айтты. Ибраимовдун айтымында, анын үй-бүлөлүк жашоосу башталгандан бери апасы алар менен бирге жашайт.

Ибраимов борбордун мэрлигине «белгисиз»  адам келгендиги тууралуу социалдык түйүндөрдөгү кептер жөнүндө айтып жатып буга чейин ал реалдуу тармакта иштеп, саясатка барбагандыгын, ошондуктан өзүн «пиар» кылууга аракет кылбагандыгын билдирди.

Жаңы мэр Бишкектин четинде анын фермердик бизнеси бар экенин жана ал боюнча кирешелери тууралуу деклорацияны «өз убагында» тапшыргандыгын айтты.

«Мага мураска жер калган. Биз ал жакта көп жылдардан бери фермердик чарбачылык менен алектенебиз», — деди ал.