Zanoza.kg интернет басылмасы «Такты оюндары» (Game of Thrones) сериалынын башкы музыкасы кыргыздын улуттук аспаптары менен аткарылган видеосун жарыялады. Ал «Ордо Сахна» фольклордук-этнографиялык театры менен биргеликте даярдалган.

Сериалдын саунтрегинин кыргыз улуттук музыкалык аспаптары менен аткарылгандыгы тартылган видео Zanoza.kg сайтында 13-майда пайда болду.

«Алгачкы сериялары чыгаардын алдындагы кумардануулар бир аз тынчып калгандан кийин Zanoza.kgнин редакциясы "Такты оюндары" жакшы көргөндөргө анча чоң эмес белек кылууну чечти (анткени ал сериалды биз дагы жакшы көрөбүз) Биз бүткүл дүйнөгө белгилүү "Ордо Сахна" фольклордук-этнографиялык театрынан автору Рамин Джавади эсептелген сериалдын башкы музыкасын «кыргызча» аткарып берүүсүн өтүндүк. Обон улуттук музыкалык аспаптардын үнүнө идеалдуу туура келди», — деп жазды басылма.

«Ордо Сахна» ошондой эле сериалдын саунтергинин өз версиясына композитор Калый Молдобасановдун «Жайлоодо» ырынын үзүндүсүн кошкон.