Бишкекте авариялык абалда экендигинен улам алты миңге жакын бак кыйылышы мүмкүн. Маселени муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасынын башкы агроному Сергей Кравер менен эколог Эмил Шүкүров «#ЭлЭмнеДейт» ток-шоусунда талкуулашты.

Бактарды кыюу Бишкектиктердин арасында актуалдуу темалардын бирине айланды — акыркы айларда ал маселе социалдык түйүндөрдө жана күнүмдүк жашоодо активдүү талкууланып келет.

Ага 2016-жылдын майында муниципалдык «Жашылдандыруу» ишканасынын бактардын авариялык абалда экендиктерин билдирип, аларды массалык түрдө кыйып баштаганы себеп болгон — мартта Бишкектин борборунда терек кулап, жолдон өтүп бара жаткан унааны басып калган. Анын жыйынтыгында унаанын айдоочусу каза болгон.

Апрелде «Жашылдандыруу» ишканасы инвентаризация жүргүзүп, Бишкекте 5800 авариялык абалдагы бак бар экенин эсептеп чыккан.

«[…] Эмнеге кулаган бир бак үчүн миңдеп кыюу керек? Аларды андай абалга жеткирбеш үчүн эмнеге жакшылап кароого болбойт? Ысыкта көчөдө бара жатсаң көлөкө да жок. Дагы бир нече миң бакты кыйып салышса кантип жашай турганыбызды элестете албайм», — деди Бишкектин жашоочусу Камилла Өмүркулова Kloop.kgге курган маегинде.

Жарандык активист жана укук коргоочу Калича Умуралиева шаарда авариялык абалдагы бактарды гана эмес, а соо бактарды да кыйып жаткандыктарына нааразы.

«Мен соо эле бакты кыйып жаткандарын көргөм. «Жашылдандыруунун» ишин карап, авариялык гана бактарды кыюусу үчүн аларды көзөмөлдөө керек», — деди ал.

«Бактардын баары эле авариялык абалда эмес»

Эколог Эмил Шүкүров чынында «Жашылдандыруу» ишканасы тарабынан авариялык абалда деп белгиленген бактардын көбүн андай эмес деп эсептейт. Анын пикиринде, адамдарды коопсуздандыруу үчүн эски бактарды сөзсүз эле кыюу керек эмес.

«Ушунчалык көп бактын кыйбай койсо болбогудай авариялык абалда экени күмөндүү. Эгер авариялык абалда болсо деле, бул аларды кыйып салуу керек дегенди түшүндүрбөйт. Авариялык абалдагы эски бактардын жанына жаңысын отургузуу керек», — деди Шүкүров.

«Жашылдандыруунун» башчысы Сергей Кравер ага жооп катары авариялык бактардын баары кыйылбай турганын айтты. Ал алардын жарымысына «терең кесүү» жүргүзүлө турганын белгиледи.

«Авариялык абалдагы бактардын жарымысынын баш жактарын кесип, ийилген жана салаңдаган жерлерин жок кылабыз. Эгер бак чынында эле коркунуч жарата турган болсо, анда кыябыз, бирок мүмкүн болгондорун сактап калабыз», — деди ал.

obrezka-deverev

«Ырыстан» коомдук фондунун директору Дмитрий Переяславский бактардын кыйылышына коомдук көзөмөл киргизүүнү сунуштоодо.

«Кээ бирде соо эле бактар кыйылууда. Жашоочулар кыйылып жаткан бактардын авариялык абалда экенин көрүп тургандай кылып карта түзүү керек», — деди ал.

Шаар мэри Албек Ибраимов жакындагы эле маалымат жыйынында мэрия кыйылып жаткандан «үч эсе көп» бак отургузуп жатканын билдирген.

«Катаалдык менен бактардын баары кыйылып жатат деп айтууга болбойт, мэрия 15 миң бак отургузду», — деген калаа башчысы.

Көчөттөрдүн ордуна «чоң» бактарды отургузуу

«Жашылдандыруу» ишканасы күзүндө Бишкекте 1150 ири көлөмдөгү «чоң» бактарды отургузууну пландап жатат. Алардын канчасынын шаардык өсүмдүк өстүрүү жайында өстүрүлөөрү жана канчасы сатылып алына тургандыгы азырынча белгисиз.

Эмил Шүкүровдун пикиринде, бактарды алмаштырууга мэрия «абдан көп акча» коротууда. Айтымында, бир чоң бак 30 миң сом болот, ал кадимки көчөттүн баасынан ондогон эсеге көп.

Токой институтунун ага илимий кызматкери Нурлан Саипова ири бактарды отургузуу планын бишкектиктердин «чыдамсыздыгы» менен түшүндүрдү.

«Алар көчөттөр өскөнчө күтүүнү каалашпайт», — деп белгиледи ал.

Дмитрий Переяславский ири бактарды отургузуу салык төлөөчүлөрдүн акчасын «сарамжалсыз пайдалануу» болуп эсептеле турганын билдирди.

«Ири бактарды чоң акчаларга сатып алышат да ошол эле көчөттөрдү сугарууга каражат жетпей калат. Чоң бактар оңой менен өсүп кетпейт, андан көрөк көчөттөрдү отургузуу сарамжалдуураак болот, алар жарым жылдын ичинде тамыр алып кетишет. Болгону көчөттөрдү сугарып, карап туруу маанилүүрөөк. Көчөттөр ири бактарга караганда кыйла туруктуу болот», — деп кошумчалады ал.

«[…] Мэриядагылар жашылдандырууга акча жок деп айтып келишет. Биздин шаар ири бактарды отургузгудай деңгээлде бай эмес. Бир канча бак отургузуу үчүн бир нече квартал жылаңач бойдон калат, андай жарабайт. Көптөгөн көчөлөр таптакыр эле жылаңач, андан улам ал көчөлөрдөн бара жатканда ысык абдан сезилет. Пландуу түрдө дайыма аткарыла турган иштер болушу керек», — деди эколог.

Сергей Кравер кичинекей көчөттөр чоң бактардын көлөкөлөрүнөн өспөй кала турганын айтты.

«Кыйылган бактардын ордуна жаңылары отургузулган жок, анткени отургузуу мөөнөтү өтүп кетти. Күзгү мезгилде отургузуп баштоону пландап жатабыз», — деди ал.

Сейил бактар эмнеге кыйылууда?

Акыркы 10 жыл аралыгында Бишкектеги сейил бактардын аянты дээрлик эки эсеге кыскарган. Ага ал аймактардагы жер тилкелеринин жеке адамдардын пайдалануусуна бөлүнүп берилиши себеп болгон.

vyrubka-derevev

Бишкектин түндүгүндө жайгашкан Кара-Жыгач токойунун аянты акыркы 20 жыл аралыгында дээрлик эки эсеге кыскарган.

Ата-Түрк сейил багынын аянты 2005-жылы кыскарып баштаган — алгач анын аянты 107 гектарды түзгөн, а азыр болгону 73,05 гектар.

Сергей Кравер сейил бактардын аянттарынын бир бөлүгү «Жашылдандыруу» ишканасы негизделгенге чейин эле жеке адамдарга берилип, алар курулуш үчүн андагы бактарды кыйгандыктарын айтты.

«Бизге кароо үчүн алты сейил багы берилген, алардын ичинде Кара-Жыгач токою менен Ата-Түрк сейил багы да бар. Бирок Дайыр Асанов атындагы Жеңиш багынан башкасынын биринин дагы чеги Бишкекбашкыархитектура тарабынан аныкталган эмес», — деп түшүндүрдү Кравер.

Борбордун мэри Албек Ибраимов сейил бактарындагы жер тилкелерди берүү 2010-жылга чейин болгонун айткан.

Ибраимовдун айтымында, сот ал тилкелердин берилишинин мыйзамдуулугун чечиши керек.

***

Эколог Эмил Шүкүров ар бир бак — бул конденсатор жана буулантуучу экенин айтты.

Эгер Бишкекте бактар болбосо, анда абанын температурасы төрт градуска чейин жогорулап кетет, деди ал.

Дмитрий Переяславскийдин айтымында, бактардын жоктугу шаарда чаңдын көбөйүүсүнө жана дем алуу жолдорундагы жугуштуу оорулардын пайда болушуна алып келет.

«1980-жылдары бир жашоочуга 21 чарчы метр жашыл аймак туура келчү, а азыр ал 6 чарчы метрден аз. Курулуш компанияларынан, жеке турак үй ээлеринен өз аймагын жашылдандыруу керектигин талап кылуу зарыл», — деди ал.