Каныкей Аскар кызы 12 жашынан бери майыптар арабасы менен жүрөт — тогуз жыл мурда дарыгерлер ага полиартрит ревматизми диагнозун коюшкон. Ошондон бери ал операциясына акча иштеп таап, бутуна туруу үчүн түрдүү кооздук буюмдарын жасоо менен алектенип келет.

Каныкей бир күндө бир буюм жасай алат — майда буюмдарды салууга жана акча топтоого арналган кутучалар же себет. Ал өзүнүн ар бир эмгегин 500-700 сомдон сатат. Уз кыз мындай жол менен өзүнүн операциясына акча иштеп таап жатканын айтат.

«Бош убактымда сүрөт тартуу, китеп окуу менен алектенем, интернет колдоном, түрдүү кооздук буюмдарын жасайм. Себеттер менен акча топтоого арналган кичинекей кутуларга тапшырыктарды алам», — дейт ал.

Каныкейдин оорусунун белгилери тогуз жыл мурда пайда боло  баштаган. Дарыгерлер ага полиартрит ревматизми диагнозун коюшуп, дары жазып беришкен. Бирок убакыттын өтүшү менен Каныкей өзүн жаман сезе баштаган.

«Менин тизе муундарымда шишиктер пайда болду. Биз Бишкекке келип анализ тапшырдык. Андан соң мага дарыларды жазып беришти, мен текшерүүдөн  өтүп туруу үчүн ай сайын шаарга келип турушум керек болду. Бирок ата-энемде андай акча жок болгондуктан анте алган жокмун. Убакыттын өтүшү менен абалым начарлап, отуруп калдым», — дейт Каныкей.

Анын эжеси Наргизанын айтымында, оору башталгандан бери Каныкейдин туугандары көптөгөн дарыгерлер менен сүйлөшүшкөн, бирок кандайдыр бир жыйынтыктарга жетишүүгө мүмкүн болгон эмес.

Хирург Сабырбек Жумабеков Kloop.kgнин кабарчысына Каныкейге операцияны Кыргызстанда деле жасаса болорун, бирок ал үчүн баасы эки миң доллардан беш миң долларга чейин болгон протездерди сатып алууга туура келе турганын айтты.

«Негизинен мындай операцияны бизде деле жасаса болот. Ал биринчи топтогу майып болгондуктан операция менен калган бардык кызматтар үчүн мамлекеттик кепилдик программасынын эсебинен төлөнөт. Бирок протездер Түркияда өндүрүлөт, ошондуктан туугандары аларды сатып алыш керек болот», — деди хирург.

Учурда Каныкей 21де жана операциядан кийин университетте окууну пландап жатат.

«Кудай буюрса бутума туруп, Ислам университетинде окуйм. Максаттарым өтө көп, алардын баары аткарылат деген үмүттөмүн», — дейт Каныкей.

Урматтуу окурмандар, эгер Каныкейге жардам бергиңиздер келсе, анда анын эжеси Наргиза Аскар кызы менен +996(705)86-95-92 телефон номуру аркылуу байланышсаңыздар болот.