Виолончелист Айдер Рысалиев бишкектиктер үчүн классикалык музыканын шедеврлерин аткарып берди. Музыканттын концерти 31-июлда Улуттук консерваторияда болду.

Айдер Рысалиев П.Чайковский атындагы Москва консерваториясында окуйт. Жайкы каникулда эс алуу үчүн келген виолончелист Улуттук консерваторияда концерт берди.

Рысалиев пианист атасы менен бергеликте виолончель менен Иоганн Бах, Давид Поппер, Дмитрий Шостакович жана Фредерик Шопендин белгилүү чыгармаларын аткарды.

13906664_1433831023308656_2558625197186135471_n

Эки саатка созулган концерттик программа өз ичине көңүлдүү джаз чыгармаларын, ошондой эле XIX-XX кылымдардагы классиктердин сентименталдуу эмгектерин да камтыды.

Эки сааттык кеченин соңунда Айдер өзүнүн апасы, композитор Лейла Муджабаеванын чыгармаларын аткарды.

13902838_1433831043308654_4192239766889564231_n

Айдер Рысалиевдин өзү виолончелинин кылдуу таякчасы ага дайыма апасын эсине сала турганын айтты. Апасы уулу үчүн чыгарма жараткандан бир жыл өткөндөн кийин рактан каза болгон. Айдер өмүр бою музыка менен алектенүү ниети бар экенин кошумчалады.

«Мен кичинекей кезимде эле музыкага кызыкчумун жана өмүр бою аны менен алектенейин деп жатам. Музыка мени калыптандырат», — деди ал.

Автор: Сезим Каныбекова, Зияра Асылбекова
Сүрөт жана видео: Елена Баялинова