Видео: Камера жаздырып алган Кытай элчилигиндеги жардыруу

«АКИпресс» маалымат агенттиги камера тартып алган видеону жарыялады. Анда автоунаа Кытай элчилигинин аймагында жарылганын көрүүгө болот.

Видео 31-августта жарыяланган. Анда Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагындагы жардыруу тартылган. Окуя болсо 30-августта жүз берип, «Митцубиси Делика» унаасынын айдоочусу дипломатиялык өкүлчүлүктүн дарбазасын талкалап кирип жарылган.

Жардыруудан үч адам жабыркап, айдоочу болсо каза болгон. «АКИпресс» басылмасы укук коргоо органдарына шилтеме жасап кабарлагандай, жарылуунун күчү тротил эквиваленти боюнча 100 килограммды түзгөн. 24.kg басылмасы бир топ эле төмөн болгон деп жазат — 6-7 килограмм. Жарылуунун күчү боюнча азырынча так маалымат жок.

Кыргыз бийлиги окуяны «теракт» деп, а өлгөн адамды «жанкечти» деп атады. Жарылууда өлгөн айдоочунун ким экени тактала элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет теракт факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги болуп өткөн окуяны «экстремизм жана зомбулук актысы» деп атады. Бул тууралуу америкалык CNN телеканалы мекеменин өкүлүнө шилтеме жасап билдирди.

«Бул кол салууну биз чечкиндүү түрдө айыптайбыз. Кыргыз тарапты болуп өткөн окуя тууралуу маалыматтар менен мүмкүн болушунча тез арада бизди кабардар кылышын сурайбыз», — деген Кытай ТИМинин расмий өкүлү Хуа Чуньин брифингде.

Кыргызстандын ТИМинин маалыматы боюнча, 30-августта эки өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Кыргыз тышкы иштер министри «Бишкектеги Кытай элчилигинин аймагындагы терактты катуу айыптаган».

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев тыкыр иликтөө үчүн тапшырма берди.

Тема боюнча: «Жанкечти» өзүн Кытай элчилигинде жардырды, үчөө жаракат алды