Видео: Байкерлер Атамбаевди колдогон мотожарышын жыйынтыкташты

Кыргыз байкерлери Бишкектин көчөлөрүн бойлой мотожарыш уюштурушуп, Алмазбек Атамбаевдин сакайып кетишин тилеген видеокайрылуу жазышты.

Бишкек көчөлөрүн бойлогон мотожарышта 25 байкер катышты. Кыргызстандагы мотокоомунун башчысы Аскат Сеитбеков мотоциклчилер «жөнөкөй жарандарга президенттин ден соолугу маанилүү» экендигин көрсөткүсү келгендиктерин айтат.

Байкерлер каттамы Шабдан Баатыр, Максим Горький жана Султан Ибраимов көчөлөрүнөн өттү.

«Кыргызстандын байкерлери сиздин саламаттыгыңыз үчүн кайгырып жатат. Сиз өз өлкөңүзгө көптөгөн пайдалуу нерселерди жасадыңыз, биз алдыда жемиштүү иштер күтүп тургандыгына ишенебиз. Батыраак сакайып кетиңиз, биз сизди үйдө күтүп жатабыз!» — деди мотоциклчилер видеокайрылууда.  

Кыргызстандын байкерлер кыймылы 2013-жылдан бери расмий эмес жашап келет. Коомдук бирикмеде түрдүү социалдык катмардан 45 мотоциклчилери бар.

Клубдун башчысынын айтуусунда, жоопкерчиликтүү жана жол эрежелерин мыкты билген гана мотоциклчи коомдук бирикменин мүчөсү боло алат.

Алмазбек Атамбаев Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясына баратканда Түркияда саламаттыгы начарлаган. Андан соң президент Москвадагы Борбордук клиникалык ооруканага которулган.

Дарыгерлер президенттин жүрөк аритмиясы бар экендигин аныкташкан. Президенттин ушул аптада ооруканадан чыгуусу күтүлүүдө.