Видео: Италиялык блоггерлер Кыргызстан тууралуу кыска метраждуу тасма тартышты

Италиялык блоггер Сара Иззи жана оператор Тимур Тугалев «Кыргызстанда жоголуп кеткендер» аттуу кыска метраждуу тасмасын тартышты. Фильм «Жоголгон авокадо» жана «National Geographic Россия» сайттарында жарыяланган.

«Кыргызстанда жоголуп кеткендер» деп аталган видеону блоггер жана саякатчы Сара Иззи 5-октябрда өзүнүн «Жоголгон авокадо» («The lost avokado») деген маалыматтык порталында жарыялаган. Кыска метраждуу тасманы 4К-форматында оператор Тимур Тугалев тарткан.

Кыргызстандын көркөмдүүлүгү тууралуу тартылган эки мүнөттүк тасманы «National Geographic Россия» илимий-популярдуу журналдын сайты дагы жарыялаган.

«Сара, Жер үстүндө уникалдуу жерлер абдан көп, анын ар биринен жаңы нерселер менен таанышып билсең болот, деген ойду элге жеткиргиси келет», — деп журнал блоггердин ишмердүүлүгү тууралуу жазган.

Саранын айтканына караганда, Тимур экөө бир жума бою Соң-Көл, Ысык-Көл көлдөрүн жана Орто-Токой суу сактагычын тартышкан. Монтаждоого дагы үч жума убакыт керектелген.

«Кыргызстанга барып кетүү идеясы кокусунан эле пайда болгон, бирок бул мен көргөн өлкөлөрдүн ичинен эң мыктысы экен. Кыргызстан — массалык туризм менен бузула элек, жомоктогудай республика», — деген Сара Иззи.

Өзүнүн блогунда Сара Иззи «Lost in» деген жалпы аталыштагы ар түркүн өлкөлөргө болгон саякаттары тууралуу кыска метраждуу тасмаларын чыгарат. Кыргызстан тууралуу фильм бул «сериалдын» 11-эпизоду болду. Анын блогу үчүн бардык тасмаларды режиссёр жана оператор Тимур Тугалев жаратат.