Видео: «Азия Микс» командасынан «Pen Pineapple Apple Pen» меми

«Азия Микс» КВН командасы «Pen Pineapple Apple Pen» аттуу хитке пародия тартып, анын башкы ролун Ростислав Ященко ойноду. Бул интернет-мем болуп калган жапон клибине карата биринчи кыргыз пародиясы эмес.

Жапон хитинин популярдуулугу акырындап азайып баратат, бирок ага пародия тартуу дагы эле улантылууда. YouTubeда, Instagramда жана Twitterде андай видеолор жүздөп саналат. Кыргызстандыктар да токтоно алган жок.

Кыргыз КВНчиси Ростислав Ященко «Азия Микс» командасынын The kashkaldaki юмористтик долбоору үчүн, ал эми вайнер Данияр Токмомамбетов Art wоrker Bishkek vine-долбоору үчүн хитти кайталады.

Ростислав Ященко 

Данияр Токтомаметов

«Pen Pineapple Apple Pen» мотиви боюнча өтө ар түрдүү темаларга видеолор тартылууда. YouTubeда саясий мотив боюнча пародияларды тапса болот.

Калемсап, ананас жана алма тууралуу ырды белгилүү орусиялык алып баруучу Иван Ургант да туурап чыкты. Видео анын «Вечерний Ургант» аттуу шоусу үчүн чыгарылып, юмористтик клипте алып баруучунун өзүнөн тышкары ырчы Николай Басков да тартылган.

«Pen Pineapple Apple Pen» боюнча пародияларды жамы журтка белгисиз блоггерлер да, популярдуу артисттер да бүт дүйнө жүзүндө жаратып келишет.

GoGo VETAL чыгарган «Хлеб колбаска сало хлеб» аттуу украин пародиясы 12 миңден ашуун жолу көрүлгөн.

Ponkers чыгарган нидерланд пародиясы 774 миң жолу көрүлгөн.

Bie The Ska 5 миллиондон ашык көрүлгөн.

Eddie Warboy металлисттер хитти кандай аткармак болгонун көрсөттү. Аны видеосу 28,5 миң жолу көрүлгөн.

Оригиналдуу видео Диамао Косака жана Piko-Taro деген жашыруун ысымдар менен белгилүү болгон жапон куудулу Казухито Косака тарабынан тартылган. Видео YouTubeда жайгаштырылып, вирустуу болуп калды. Бүгүнкү күндө тасма 80 миллиондон ашуун жолу көрүлгөн.

«Pen Pineapple Apple Pen» чыгармасынын популярдуулугун корей рэп-музыканты Psyдын хити болгон «Gangnam Style» менен салыштырышат. Psyдын хити 2012-жылы июлда жарыкка чыгып, вирустуу болуп, бүгүнкү күнгө карата 2,6 миллиард жолу көрүлүп чыккан.