Чектөөлөргө Кыргызстандын Финансы министрлигине караштуу эки компания кабылды. Алардын бири улуттук долларлык стейблкоин чыгаруу менен алектенет. Стейблкоиндин ачылышына президент Садыр Жапаров өзү келген.
Улуу Британия 26-май күнү «Виртуалдык активдердин эмитенти» жана «Мамлекеттик брокердик компанияга» санкция жарыялады. Буларга өлкөнүн финансы министрлиги ээлик кылат.
«Виртуалдык активдердин эмитенти» ААКсы Кыргызстанда криптовалютаны өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Компания мамлекеттик долларлык USDKG стейблкоинин чыгарат. Ал алтын менен камсыздалган жана АКШ долларына байланган.
Стейблкоин өткөн жылдын 20-ноябрында ишке кирген, расмий ачылышына президент Садыр Жапаров өзү катышкан.
Буга чейин «Клооптун» журналисттери аталган компания молдовалык бозгун олигарх Илан Шордун схемаларына аралашканын аныкташкан. Шордун компаниялары кыргызстандык фирмалар аркылуу Орусияга санкциядан буйтап өтүүгө көмөктөшөт.
Улуу Британиянын божомолунда, компания «Орусия өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнөн пайда табууга же Орусия Федерациясынын өкмөтү үчүн экономикалык мааниси бар бизнес жүргүзүү аркылуу ага колдоо көрсөтүүгө аралашып жатат же мурда аралашкан».
Санкция тизмесине кирген Финансы министрлигинин дагы бир фирмасы — «Мамлекеттик брокердик компания» — Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, финансы рыногун жөнгө салуу менен алектенет. Финансы министрлиги ага «Мамлекеттик финансы холдинги» ААКсы менен биргеликте ээлик кылат.
Компаниянын жетекчиси Алмаз Бекназартегин. Мурдарак ал «Капитал банктын» директорлор кеңешин жетектеп келген. «Капитал банк» дагы АКШ, Улуу Британия, жана Евробиримдиктин санкция тизмесине кирген.
Мындан тышкары, санкцияга кыргызстандык качкын президент Курманбек Бакиевге байланышы бар «Евразия сактык банкы» да кирген. 2025-жылдын октябрь айынан бери банк Евробиримдиктин дагы санкциясына кабылган.
Кыргызстандын бийлиги Улуу Британия санкцияга киргизгени боюнча эч кандай комментарий бере элек.




