УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын чөйрөсү бийлигинен ажыраганы менен, бизнесин сактап кала алды. Кеп Мамлекеттик ипотекалык компанияга тийиштүү үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөп жаткан Оштун мурдагы мэри Женишбек Токторбаев жөнүндө. Ал кичи мекени Жалал-Абадда гана эмес, Баткендеги курулушка дагы баш-көз болуп жүрөт.
31-майда соцтармактарда Баткенде курулуп жаткан МИКтин «Асман резиденс» комплексине мотороллер айдаган Жеңишбек Токторбаев курулуш материалдарын жеткирип барган видео тарап кеткен. Экс-мэрдин жардамчысы Токторбаев курулушту көзөмөлдөп жүргөнүн тастыктады.
Мындан тышкары, «Асман резиденстин» инстаграмдагы барагында, 1-июнь күнү Токторбаев МИКтин үйлөрүндөгү батирди текшерип жүргөн видео жарыяланган.
МИК Баткенде 7 гектар жерге «Асман Резиденс» сериясындагы үч турак-жай комплексин куруп жатат. Анда баасы метрине 87,4 миңден болгон жалпы 4 миңден ашуун ипотекалык батир болмокчу.
Баткендеги турак-жай комплексин кайсы компания куруп жатканы белгисиз. Бирок Ош жана Жалал-Абадда МИК үчүн «Асман резиденс» үйлөрүн Токторбаевге байланышы бар «Бест Хаус Гранд» компаниясы куруп келет. Бул тууралуу «Клооп» менен Temirov Live мурда кенен айтып берген.
2024-жылы Баткендеги ипотекалык үйлөрдүн ачылышына Камчыбек Ташиев өзү катышкан. Ал кездеги УКМК төрагасы жана Минкаб төрагасынын орун басары «Асман Резиденс №1» комплексинин пайдубалына капсула салган. Ташиев дагы мотороллер минип курулушту айланып, үйлөрдүн курулушун жеке көзөмөлүнө аларын айткан. Ошол эле жылы, бийликчил блогер Гүлмира Тыналиева бул үйлөрдү жарнамалап, постунда Ташиев менен Токторбаевди белгилеген болчу.
Ташиев менен Токторбаев достор гана эмес, булардын туугандык да жайы бар. УКМКнын экс-төрагасы Оштун мэрин мактачу учурду колдон чыгарчу эмес жана эл алдына бирге чыкканда «пиардын атасы» деп белгилеген.
2026-жылы февралда, Жапаров досу Камчыбек Ташиевди төңкөрүш жасоого камынды деп шектеп кызматтан алганда, Токторбаев дагы Оштун мэрлигинен кеткен. Мунун алдында кызыктай окуя болгон. 2025-жылы июлда Ташиев президент Жапаровдун атынан Токторбаевге автоунаа тапшырган. Сентябрда болсо Жапаров Токторбаевге катуу сөгүш жарыялаган. Андан эки күн өткөндөн кийин, президент Токторбаевге кайрадан унаа белекке берген — бул ирет мурдагыдан да кымбатын.
Ташиев менен Токторбаев кызматтан алынгандан кийин, президент Жапаров Оштун экс-мэри шаардагы чакан бизнестин объектилерин сүрдүргөндө «аша чаап кеткенин», мындан улам ишкерлерден абдан көп дооматтар түшүп жатканын айткан. Кийин Токторбаев бир нече жолу ИИМге суракка чакыртылган. Бул чакыруу анын мэр болуп иштеген ишине байланыштуубу же Ташиевдин кылмыш ишинен уламбы, белгисиз.
Жеңишбек Токторбаев — Ташиев отставкага кеткенден кийин бизнесин сактап калган анын жалгыз тууганы эмес. «Клооп» апрелде УКМКнын экс-төрагасынын жакындарынын компаниялары баасы 640 млн доллар турган Төө-Ашуудагы жаңы тоннелди куруу мамлекеттик долбооруна ээлик кыларын айтып берген.




