MC Doncha деген ат менен белгилүү болгон кыргыз рэп-вайнери Данияр Токтомаметов рэпер Тимати менен «Көз жашы акты» ырын аткарып, «Пусть говорят» ток-шоусунун интернет жылдыздары тууралуу атайын чыгарылышына тартылды.

Кыргыз вайнери MC Doncha менен Тиматинин чогуу аткарган ыры орусиялык рэпердин «Инстаграм» барагында 9-декабрь күнү кечинде пайда болду. Жарыялангандан кийин беш сааттын ичинде видеону 735 миң жолу көрүшкөн.

Любимая это тебе !!! @mc_doncha 💔

A video posted by Black Star (@timatiofficial) on

Токтомаметовду Малаховдун ток-шоусунун «Аффтар жжот» аттуу атайын чыгарылышына чакырышты. Берүү көрүүчүлөрдү интернетте атагы чыккан адамдар менен тааныштырат.

«Инстаграмдагы» өз баракчасында Токтомаметов телешоуга тартылып жатып орусиялык жылдыздар — шоумен жана ырчы Александр Ревва, ырчы Анна Семенович жана рэп-аткаруучу Тимати менен таанышканын жазып чыкты.

Токтомамбетов катышкан чыгарылышты көрүүчүлөр Орусиянын Биринчи каналында жакын арада көрө алышат.

MC Doncha «Жаш агып жатты» трегин чыгаргандан кийин белгилүү болду:

Бул видеону рэпер Тимати өз баракчасында бөлүштү. Бир сутка ичинде Тиматинин барагындагы роликти миллиондон ашуун киши көргөн. Видеону «А-Студио» тобунун солисти Кэти Топурия жана куудул Михаил Галустян бөлүшкөн.

Казак репэри Jah Khalib Данияр менен кошо «Жаш агып жаттыны» ырдап чыгаары менен казактардын «NOVA Live Band» рок-тобу аны кайра ырдап чыккан. Топтун интернеттеги кавери 60 миң сыйра көрүлгөн.

Kloop.kgге курган маегинде Токтомаметов анын акценти — атайын түзүлгөн образ экенин айтып берген. Ал өз угармандарынын көңүлүн ошентип көтөрөт.

ТЕМА БОЮНЧА:

MC Doncha: Кыргыз акценти — бул образ