2016-жылдын каармандары: Чек тааныбаган кыргызстандыктар

2016-жыл аяктап жатканда Kloop.kg чек тааныбаган кыргызстандыктарды эстеп көрүүнү чечти. Мекендештерибиз майыптыгына, оорусуна жана оор шарттарга карабастан коол куушуруп отуруп калышкан эмес.

Биз жети окуяны сунуштайбыз. Андагы каармандар үчүн тоскоолдуктар мааниге ээ эмес жана алар баарын жеңип өтүүгө жөндөмдүү. Алар ошондой эле жардамга муктаж болгон башка адамдарга да көмөктөшүүгө даяр.

Ким? Нурлан менен Элдияр.

Нурлан менен Элдияр Чүй облусунун Мээнеткеч айылында жашашат. Алар тубаса дүлөй жана сүйлөй алышпайт. Бирок алар биригип, кулпунай өстүрүп сатып, акча таба башташкан.

Достор өздөрүн ар кайсы тармактарда сынап көрүшкөн, ал эми кулпунай бизнеси менен беш жылдан бери алектенип келишет.

Келечекте экөө тең тапкан акчасына үй салууну каалашат, ал эми келе жаткан 2017-жылда түгөйлөрүн таап үйлөнүшмөкчү.

Тема боюнча: Видео: Кантип мүмкүнчүлүгү чектелген достор кулпунай менен каражат табышат?

Ким? Мээрим Каракозиева.

Оштун тургуну Мээрим Каракозиева мейманкана бизнеси менен алектенет. Бөлмөлөрдү ижарага алып, керектүү эмеректер менен жабдып, чет өлкөлүктөргө хостел кызматын көрсөтөт.

Мээрим дүлөй болгондуктан өз кардарлары менен кат аркылуу баарлашат.

Айтымында, майыптарга жумуш табуу оор, жумуш тапса да кызмат акысы аз. Ошондуктан ал бизнес менен алектенүүнү чечкен. Келечекте Оштун тургуну өзүнүн жеке мейманканасын салууну самайт.

Тема боюнча: Видео: Оштун кулагы укпаган тургуну туристтер үчүн кантип хостел ачкан?

Ким? Канзат Жуманова.

Ушул жылдын апрель айында Баткен облусунун Голбо айылында ар кайсы даражадагы майыптыгы бар сегиз аял эмгектенген тигүү цехи ачылган.

Цехти айыл тургуну Канзат Жуманова долбоор жазып грант утуп алуу менен ачкан. Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жумуш ордун камсыздоо максатында бул жерди ачкан.

13319738_902703529855274_6495646286795242776_n

Цехтин бардык кызматкерлери мурда жумушсуз үйлөрүндө олтурушкан.

Цехтин директору Канзат Жуманова цехти кеңейтип, кошуна айылдардагы чебер-уздарды да бул ишке тартууну каалайт.

Тема боюнча: Сүрөт: Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер үчүн ачылган Баткен облусундагы тигүү цехи

Ким? Каныкей Аскар кызы.

Каныкей Аскар кызы 12 жашынан бери коляскада. Дарыгерлер тогуз жыл мурда ага полиартрит ревматизм деген диагноз коюшкан. Азыр Каныкей 21 жашта.

Учурда Каныкей кол өнөрчүлүк менен алектенет. Ар күнү ал кандайдыр бир буюм жасап сатып, өзүнүн операциясына акча чогултуп келет. Операциядан кийин ал университетке тапшыргысы келет.

Тема боюнча: Видео: Уз-чебер кыз 12 жашынан бери кантип өз операциясына акча топтоп келет

Ким? Алмакан Таштемирова.

Алмакан Таштемирова 12 жашынан бери ыр жазып келет. Айрымдары гезит беттеринде жарыяланган.

Ал биринчи топтогу майып. Бирок бул ага чыгармачылык менен алектенүүгө тоскоол болбойт.

«Ырларым менин өмүрүм» ырлар жыйнагы демөөрчүлөрдүн жардамы менен 2014-жылы басылып чыгарылган. Учурда ал аңгемесинин үстүнөн иштеп жатат.

Тема боюнча: Видео: Майыптыгы бар кыргызстандык 12 жашынан бери ыр жазып келет

Ким? Бактыбек Кудабаев.

Бактыбек Кудабаев кырсык окуядан улам баспай калган. Ал бийик жерден кулап түшүп, буту баспай калган.

Кудабаев дарыланып, Бишкекте жана Караколдо операция болгон. Эч кандай натыйжа болбогон соң 2000-жылдан кийин дарыланууну токтоткон.

Азыр ал бут кийим оңдоп, ара жана балталарды курчутуп иштейт. Кээде ал бычак жасап сатат. Анын атайын койгон баасы деле жок, канча берсе, ошончо алат.

Тема боюнча: Видео: Майып адам кантип айылдык устага айланган?

Ким? Нургазы.

Нургазы Нарындын алыскы айылынын жашоочусу.

Ал мектепке коляскага олтуруп алып бузулган жол менен барып жүргөн. «Элим барсыңбы» уюмунун ыктыярчылары ага сабакка кеч калбашы үчүн квадроцикл сатып беришкен.

Ал «Азаттык» үналгысынын журналисттеринин видео баянынан кийин кеңири белгилүү болгон. «Нургазынын кыялы» деп аталган видео «Вебби» эл аралык сынагында «Мыкты видео» наамын жеңип алган.

Тема боюнча: Кыргызстанда тартылган тасма «Вебби» сыйлыгында көрүүчүлөрдүн тандоосу байгесине ээ болду