Улуттук банк жаңы купюраларды жүгүртүүгө киргизет

Улуттук банк 1-январдан тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банктотторду жүгүртүүгө киргизет. Анын ичинде кыргызстандыктар кызуу талкууга алган акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлгөн купюра да бар.

Кыргызстандын улуттук банкы (КРУБ) 2017-жылдын 1-январынан тарта 200, 500 жана 1000 сомдук банкноталарды жүгүртүүгө киргизет.

Улуттук банк банкноттордун жаңы дизайнын 2016-жылдын декабрь айынын башында көрсөткөн. Коомдук желелердин колдонуучулары жана парламенттин айрым депутаттары да 200 сомдук купюрага түшүрүлгөн акын Алыкул Осмоновдун сүрөтүнө көңүл бурушкан.

Акын Алыкул Осмоновдун портретинде анын көзү туура эмес тартылып, ага көпчүлүк сын-пикирин билдиришкен.

Кыргыз дизайнерлери Алыкул Осмоновдун портретин түзөтүүнү сунуш кылышкан. Дизайнерлер Никита Тарасенко менен Дмитрий Бондарев купюранын жакшыртылган көрүнүшүн сунуштап чыкканы менен КРУБ 200 сомдук купюранын дизайнын өзгөрткөн эмес.

КРУБнын адистеринин пикири боюнча, дефект купюрага коюлган коргоонун күчтүү болгонунан улам пайда болгон. Банкнотторду жасап жатканда мурдагы купюрада колдонулган портрет алынган, бирок аны тагыраак кылып коюшкан. Мурда жашоочулар акындын жүзү жакшы көрүнбөйт деп нааразы болушкан эле.

ТЕМА БОЮНЧА:


Күндүн гифкасы: Дизайнерлер 200 сомдук жаңы купюрадагы Алыкул Осмоновдун көзүн оңдоп чыгышты