Президенттин колтугунда. Эсеп палатасы эми мамлекеттик карызга аудит жасай албайт


Бийликке келгенден кийин, президент Садыр Жапаров Эсеп палатасы жөнүндө мыйзамды кайрадан жаздырып чыгып, мекеменин жетекчилигине жакын тууганын отургузган.

Өлкө башчысы Эсеп палатасынын негизги — бюджеттик каражаттын максатуу сарпталышын көзөмөлдөө, мамлекеттик карызга аудит жасоо функциясын алсызданткан.

Анткен менен, мекемеге мамлекеттик бюджеттен көбүрөөк эркин каражат бөлүп берген. Ал эми аудиторлорго кылмыш жоопкерчилигине тартууда иммунитет, жеке бизнести текшерүүгө жол берген ыйгарым укуктарды берген.

Кененирээк талкуулайбыз.
Адегенде Жапаров Эсеп палатасынын негизги функцияларынын бирин жокко чыгарган. Эми мекеме Кыргызстандын мамлекеттик карызына аудит жасай албайт. Бул абдан жаман көрүнүш, себебин айтып беребиз.

Мурда Эсеп палатасы ички жана тышкы карызды анализдеп, насыяга алынган каражаттар максаттуу жана ырааттуу сарпталышын көзөмөлдөп турчу.

Эми андай болбойт. Мекеменин бул функциясы жокко чыкты. Мамлекет дагы {тыныгуу}, жарандар дагы мындан ары терең анализ менен тааныша албайт — тек гана, мамлекеттик карыз тынымсыз өсүп жатканы тууралуу курук сандар болмокчу.

Сырткы карызга токтолсок. Бул мамлекет чет элдик кредит берүүчүлөрдөн карызга алган каражат. Ушул тапта Кыргызстандын негизги карыз берүүчүсү — Кытай. Сырткы карыздан кутулуу — Жапаровдун президенттикке шайлануу алдындагы убадаларынын негизгиси да ушул болчу. 2021-жылы январда президенттикке аттанып жатып, болочоктогу өлкө башчысы Кыргызстан алдыдагы 3-4 жылда сырткы карызын толук төлөп бүтөт деп билдирген. Ал кезде карыздын өлчөмү 4,3 млрд доллар болчу.

Убакыт өтө берди, карыз өсө берди, {тыныгуу} президенттин билдирүүлөрү да өзгөрүп жатты. 2022-жылы апрелде Жапаров мурдагыдай дымактуу сүйлөбөй, президенттик мөөнөтү аяктаганга чейин, мамлекеттин тышкы карызынын жок дегенде жарымын төлөшкө аракет кыларын айта баштаган. Ал эми президенттик мөөнөтү 2027-жылы январда аяктайт.

2025-жылдын аягына карата сырткы карыз 5,3 млрд долларга өскөн.

Мындан кийин Жапаров, өлкө сырткы карызын 2035-жылга барып «оңой эле» төлөп коет деп айта баштаган. Анткен менен, 2035-жылы, экинчи ирет шайланган күндө дагы, президент Жапаровдун мөөнөтү аяктаган болот.

Азыркы абалыбыз кандай? Мамлекет мурдагы карыздарынан кутула элек, керек болсо бир кыйла жаңысын алып жетишти. Мындан ары, бул каражат канчалык ырааттуу жана максаттуу жумшалып жатканын дагы биле албайбыз. Биз аны билиш үчүн Эсеп палатасы тууралуу мыйзамды кайрадан өзгөртүп, мекемеге мамлекеттик карызды аудит кылуу ыйгарымын берүү керек болот.

Жапаров бул тармакка дагы кандай өзгөртүү киргизген? Эми аудитордун иммунитети парламент депутаттарына караганда күчтүүрөөк. Мурда аудиторлорду, анын ичинде президенттин тууганы — Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовду башпрокурордун санкциясынын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартып, президент менен Жогорку Кеңешке билдирме жөнөтүү гана жетиштүү болчу.

Мындан ары, кылмыш жоопкерчилигине тартуу тургай, аудиторду тек гана кармоо үчүн парламенттин макулдугу керек. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурда кармалса гана макулдук керек эмес. Ал эми кылмыш ишин бир гана башкы прокурор козгой алат.

Өз кезегинде, өтө оор кылмыштарга шектелген парламент депутаттарын эч кимдин макулдугу жана уруксаты жок эле кармап, камакка алууга болот. Буга өзүбүз да көп ирет күбө болгонбуз. Камакка алынгандан кийин, айып тагып, иштин материалдарын сотко өткөрүү үчүн гана парламенттин уруксаты керек болот.

Президент ушу менен токтогон эмес. Анын дагы бир демилгеси менен, 2025-жылдан тартып Эсеп палатасынын фондуна мамлекеттик бюджеттен жылына кошумча 156 млн сом которулуп турмакчы. Бул каражат жылыга кызматкерлерге премия берүүгө, техника сатып алууга жана оңдоо иштерине, иш-чараларды уюштурууга, кызматкерлерди окутууга жана квалификациясын жогорулатууга, командировкасына акы төлөөгө жумшалат.

Премияга канча кетет, аны кимдерге берет, калганы кайда жумшалат — мунун баарын Эсеп палатасы өзү чечет.

Кечээ жакында эле, 2026-жылдын февралында президент аудиторлордун санын кыскартууну чечти — азыр алар тогуз эмес үчөө. Бул демилге мамлекеттик бюджетти үнөмдөө жана аудиторлордун айлыгын көбөйтүү үчүн деп айтылды.

Эсеп палатасынын башчысы Алмазбек Акматовдун айтымында, алты аудиторду кыскартуу менен 30 млн сом үнөмдөлөт, ошол эле кезде, калгандарынын айлыгын көтөргөн күндө да, мамлекет бир топ каражат сактап калат.

«Мындан тышкары, VII чакырылыш министрлер кабинетине апрелден тартып аудиторлордун айлыгын көтөргүлө деген тапшырма берген. Президенттин уруксаты менен, айлык маяна 100%га көтөрүлөт. Ошондуктан 60 млн сомго жакын каражат үнөмдөлөт», — деп айтып берген ал эсептөөлөрүн.

Бирок, мындай сандарды кандайча санаганы — белгисиз.

Аудиторлордун саны кыскарганы менен, ушул эле мыйзам долбоорунда Эсеп палатасынын ыйгарым укуктары көбөйтүлгөн. Эми бул мекеме жеке ишкерлердин жана менчик формасына карабай, мамлекеттик кепилдик же дагы башка колдоо алган бардык жеке компаниялардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзө алат.

Ал арада Эсеп палатасындагы реформалар аягына чыга элек. Апрелдин аягында мекеменин ишмердүүлүгүн түп-тамырынан өзгөртүүнү сунуштаган дагы бир мыйзам долбоорунун коомдук талкуусу соңуна чыкты. Бул ирет демилгечи Юстиция министрлиги.

Эгерде мыйзам долбооруна кол коюлса, анда Эсеп палатасы көбүнчө мамлекеттик маалыматтык системаларды анализдеп, электрондук аудит жасайт. Аудиттин башка формалары укук коргоо органдарынын сурам катынын негизинде, президенттин жана министрлер кабинетинин төрагасынын тапшырмасы менен гана жүргүзүлмөкчү.