Соодагерлер товарларына суу кирип, жарактан чыкканын айтып жатышат. Жергиликтүү бийлик менен базардын администрациясы болсо кезектеги суу каптоо боюнча азырынча үн ката элек.
«Бүт товарларыбыз суу. Дээрлик 80% адамдардын дүкөндөрүнө суу кирген», — дейт жаңы базардын соодагерлеринин бири.
Ал аталган базарда эки ай мурда гана соода кыла баштаган, эми суу каптоонун айынан зыянга учурап отурат. Аны башка соодагерлер сыяктуу эле шаар ичиндеги 30 чакты базарды бириктиребиз деген жергиликтүү бийлик көчүүгө мажбурлаган.
Базар иштеп баштаганына болгону бир жылдан ашты, бирок аны буга чейин да суу баскан болчу. Алгач өткөн жылдын апрель айында суу каптаган. Анда базардын администрациясы буга куруучуларды айыптап, чатырлар ондолуп, маселе чечилгенин айтышкан. Ага карабай, бир нече айдан кийин окуя кайталанып отурат.
Суу каптаган учур бери дегенде үчүнчү жолу катталды.
«Бүтө элек жерге алып келип эмне кылышат элди кыйнап? Эл эле кыйналып жатпайбы. Бүт товардын баары суу», — деп ачууланган соодагер.
Айрым товарларды калыбына келтирип, кайрадан сатууга мүмкүн болсо, кээси таптакыр жарактан чыккан.
«Килемдер көгөрүп кетпеши үчүн химиялык тазалоого бериш керек, ал деле бирөөсү 500-1000 сом. Эмеректер ордуна келбейт, суудан жыгачы көөп кетиптир», — деп нааразы болгон, дагы бир сатуучу.
Соодагерлердин айтымында, базардын чатырындагы нөшөр сууларын агызуучу системада жаракалар бар. Ошол жылчыктардан кирген суу павильондорго кирип жатат. Мындан тышкары, топтолгон суу арыктар аркылуу кетпей, өтмөктөргө чогулуп калууда.
Базардын администрациясы пафильондорду суу каптаган окуя боюнча комментарий бере элек. Соодагерлердин чыгымы төлөнөбү — бул дагы белгисиз.
Ал арада, соодагерлердин бири ага белгисиз кишилер келип коркутуп, суу кирген павильон жөнүндөгү видеону соцтармактардан өчүрүүсүн талап кылганын айтууда. Видео соцтармакка желдей тарап кеткен болчу.
Муниципалдык жаңы базар мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шарты менен курулган. Буга чейин журналисттерге белгилүү болгондой, инвесторлордун арасында экс-депутат Шайырбек Ташиевдин досу Замирбек Толубаев, Ош шаардык кеңешинин депутаты Темирбек Исаев, анын кесиптештери Нурбек Исмаилов, Азамат Тургунбаев жана Азизбек Сурапбаевдин жакын кишилери бар.





