© Жаныбек Мукашов

Жумушчулар 2017-жылдын 13-сентябрында Юнусалиев менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйдүн бетине Кыргызстандын президенттигине талапкер Өмүрбек Бабановдун көрнөгүн илишүүдө.

Кыргызстанда шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы 10-сентябрга караган түнү башталган.

Ал учурда саясий технолог Айнура Токтошева «Азаттык» үналгысына курган маегинде, өлкөдө тигил же бул талапкердин программасы үчүн 10 пайыз гана шайлоочу добуш берээрин айткан. Кыргызстандыктардын көпчүлүгү үгүт жана жарнамалык материалдарга көбүрөөк көңүл бурушат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Өмүрбек Бабанов өз атаандаштарына салыштырмалуу үгүт иштерине бир нече көп акча короткон — 100 миллион сом. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 36 млн сом коротсо, Сариев болгону 24 млн сом сарптаган.

Кыргызстандын президентин шайлоо 15-октябрь күнү өтөт, учурда бул кызматка 12 талапкер ат салышууда. Мыйзам боюнча талапкерлерге үгүт иштери үчүн так 30 күн берилет.