Каржы полициясы журналист Алканованы маектешүүгө чакырды

Көз карандысыз журналист Элнура Алканова иликтөөдө. Сүрөт: Kloop.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (ЭККМК) журналист Элнура Алканованы маектешүүгө чакырды. Буга чейин каржы полициясы журналисттин хан сарайлар коттеждеринин сатылышы боюнча материалында «банктык сыр жайылтылганы» үчүн кылмыш ишин козгогон.

Алкановага ЭККМКга маектешүүгө келүү чакыруусу 5-январда түшкөн — бул туурасында журналист чакыруунун сүрөтүн жайгаштырып, өзүнүн фэйсбук барагында билдирген.

Алканованын айтымында, ал ЭККМКдагы маектешүүнү жылдыра турууну өтүнгөн, анткени ал Бишкектин тышында жүргөнүнө байланыштуу белгиленген мөөнөттө келе алмак эмес.

Ал «Клооптун» кабарчысына билдиргендей, аны ким катары маекке чакырып жатышканын билбейт, анын айтымында, чакырууну ага адвокат арыкылуу берип жиберишкен.

«Чакырууну бүгүн кечки саат 6да берип жиберишип, дароо эле эртеси күнү эртең менен келип калууну талап кылышкан. Мен Бишкекте эмесмин жана кийинки аптада гана учуп келем», — деди Алканова.

ЭККМК банктык сыр жайылтылган фактысы боюнча 18-декабрда кылмыш ишин козгогон. Алканова материалында «Байланышкан жана биригишкен адамдардын тизмесин» көрсөткөн «БТА банктын» документтерин колдонгон.

Кылмыш ишин козгоону ички иликтөө жүргүзгөндөн кийин «БТА банк» өзү өтүнгөн. Иликтөөнүн натыйжасында банк журналистке кызматтык маалыматтарды ачыкка чыгарган документтерди өзүнүн кызматкери бергенин билдирген.


ТЕМА БОЮНЧА: