Экс-мэр Ибраимов дагы бир иш боюнча шектелүүдө — мамлекетке келтирилген зыян 82 млн сом

Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов

Бишкетин мурдагы мэри Албек Ибраимов «Нурлуу жээк» («Солнечный берег») пансионатын төмөндөтүлгөн баада сатуу иши боюнча шектүү катары өтүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, Ибраимовдун аракетинен мамлекетке 82,7 млн сом өлчөмдөгү зыян келтирилген. Ибраимовдун жактоочусу айып жөнү жок тагылууда деп эсептейт.

Ибраимовдун шектелип жатканы тууралуу 17-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) сайтында жарыяланды.

Пресс-релизде айтылгандай, «Нурлуу жээк» пансионаты Албек Ибраимовдун көрсөтмөсү боюнча жеке ишкерге сатылган. Мурда пансионат Ибраимов башкармалыктын төрагасы болуп иштеген ТНК «Дастанга» тиешелүү эле.

Албек Ибраимов 2018-жылдын июнунда кармалып, ал «Нурлуу жээк» пансионатынын сатылышы боюнча иштин фигуранты эле. Ошондо УКМК келтирилген зыяндын алгачкы суммасын 152 млн сомго баалаган.

«Клооптун» журналистине УКМКнын басма сөз кызматынан түшүндүрүшкөндөй, Ибраимов пансионаттын баасын атайын төмөндөткөндүктөн суммалардын ортосунда айырма пайда болгон. «Сатууда пансионаттын баасы 152 млн сом [бааланган] болчу. А алар [Ибраимов менен ТНК “Дастандын” башчысы] бааны 82ге [миллионго] түшүрүп, сатып жиберишкен», — деп УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомстводо кошумчалашкандай, «Нурлуу жээк» пансионатынын сатып алуучу тарап 82,7 млн сом келтирилген зыянды төлөп берген.

Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарёв «Клооптун» журналистине курган маегинде, зыяндын алгачкы суммасы 152 млн сомго бааланып, андан соң 82,7 млнго түшүрүлгөнүнө «таң калбаганын» айтып берди.

«Ал [келтирилген зыяндын баасы] беш эсе, ал турсун он эсе көп болсо да таң калмак эмесмин. Көрсө, азыр [мүлктүн] базар баасын УКМК коюп калыптыр. Бул тууралуу башка ой да жок», — деди Слесарёв.

Слесарёвдин сөздөрүнө караганда, Ибраимовго «кутулуусу кыйын» болгон «ярлык илип коюуга аракет кылып жатышат».

«Ибраимов азыр ага ярлыктарды жабыштыруу, бардык айыптарды жөнү жок тагуу болуп жатканын түшүнүп жатат. Ал болгонбу же жокпу — бул эми эч кимге маанилүү эмес», — деди жактоочу.

Мэрлик кызматтан түрмөгө

УКМК кызматкерлери Ибраимовду 2018-жылы 19-июлунда кармашкан. Мурдагы мэрди коррупция жана «муниципалдык жерлерди мыйзамсыз берүү» боюнча айыпташкан. Ибраимов өзүнүн кылмыш куугунтуктоосун саясий деп атаган.

Албек Ибраимов Жээнбековдун алдында иштеп турган экс-президент Алмазбек Атамбаевдин командасындагы жогорку кызматты ээлеген аткаминерлердин акыркысы эле.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы жаңжалдын фонунда Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеген чиновниктердин алмашуусу орун алган. Аткаминерлердин көпчүлүгү Атамбаевдин тарапташтары болгондуктан алардын кызматтан бошотулушун мурдагы эки үзөңгүлөштүн жаңжалы менен байланыштырышкан.

Жээнбеков УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди жана баш прокурор Индира Жолдубаеваны кызматынан алган. Ал эми май айында Атамбаевдин эң белгилүү тарапташтарынын бири — Сапар Исаков — премьер-министр кызматынан бошотулган.