Сот Баткендин тургунун WhatsApp группадагы пикири үчүн төрт жылга эркинен ажыратты

Лейлек райондук соту WhatsApp мессенжеринде «улуттар аралык кастыкты козутууга» шектелген 30 жаштагы Алмазбек Айдаровду төрт жылга абак жазасына кести. Маалыматка ылайык, ал тайпадагы улут өкүлдөрү чырдашкан видеого өз пикирин калтырган. Айдаровдун адвокаты сот өкүмүн даттанышаарын билдирди.

Исфана шаарынын 30 жаштагы тургуну Алмазбек Айдаровдун WhatsAppта 100дөй катталуучусу бар «Эркектер» аталышындагы тайпасы болгон. Тайпанын мүчөлөрүнүн бири 2018-жылдын 20-октябрында аталган группага улут өкүлдөрү чырдашканы тартылган видеону жиберген. Айдаров ал видеого өз пикирин жазып калтырган.

Айыпталуучунун жактоочусу Акылбек Өсөровдун айтымында, ошол эле күнү Алмазбекти Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) өкүлдөрү алып кетишкен.

«УКМК анын уюлдук телефонун текшерип, "улуттар аралык кастыкты козутууга" аракет кылган деген негизде [берене боюнча айып тагып] сотко өткөрүп берген», — деди ал.

Баткен облустук сотунун басма сөз катчысы Аскар Баймуратов «Клоопко» билдиргендей, 30-январда Лейлек райондук соту «улуттар аралык кастыкты козутууга» шектелген Алмазбек Айдаровду күнөөлүү деп эсептеп, төрт жылга эркинен ажыратты.

«Бөгөт коюу чарасы өзгөртүлүп, ал сот залынан камакка алынды. Жаза мөөнөтү 30-январдан тарта эсептелет», — деди Баймуратов.

Соттолуучунун апасы Айсулуу Айдарова «Клоопко» уулунун тасмага карата пикир калтырганын тастыктады. Бирок ал сот эскертүү берүү менен чектелсе болмок дейт.

«Баары эле ката кетирет, ачууга алдырат. Эмнеге эскертүү бербей туруп төрт жылга камап койду? Кошуналарыбыз ар түрдүү улуттан. Балам алар менен баш көтөрүп урушкан жан эмес. Сурагыла — айтып беришет», — деди Айдарова.

Акылбек Өсөров анын жактоочусу сот өкүмүнө макул эместигин, алар он күн аралыгында өкүмдү даттанышаарын «Клоопко» билдирди.

Редактору: Айдай Беделбекова

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкектекте архитектура университетинин мугалимин «Фейсбуктагы» пикир үчүн соттошууда. Эмнелер белгилүү?