Жогорку сот өздөрүнүн парламенттеги ар жылдык отчёттору Конституцияга каршы келет деп билдирди

Жогорку сот Конституциялык палатага Жогорку сот жыл сайын парламент алдында отчёт берип турууга милдеттүү деген мыйзамдагы жобону Конституцияга каршы келет деп таануу өтүнүчү менен кайрылды. Жогорку соттун пикири боюнча, ар жылдык отчёт парламенттин судьялардын үстүнө карата «үстөмдүгүн орнотот» жана «сот бийлигинин көз карандысыздыгынын деңгээлин төмөндөтөт».

Жогорку соттун билдирүүсүнө ылайык, ар жылдык отчёт тууралуу жобо бийликтин мыйзам чыгаруучу, аткаруучу жана соттук делип бөлүнүшүнө каршы келет.

«Талаштуу жобо сот бийлигинин үстүнөн мыйзам чыгаруучу бийликтин үстөмдүгүн орнотот, өз кезегинде бул бийликти бөлүштүрүү принцибинин бузулушуна алып келип, соттук бийликтин көз карандысыздыгынын деңгээлин төмөндөтөт», — деп Жогорку соттун пресс-релизинде айтылат.

Жогорку сот өзүнүн пресс-релизинде эмне үчүн ар жылдык отчёт Конституцияга каршы келээрин түшүндүрүп берген:

• Жогорку соттун төрагасы судьялардын иши жөнүндө парламентте отчёт берүүгө милдеттүү деген жобо 2007-жылдын Конституциясында жазылган. Бирок 2010-жылы жаңы редакциянын кабыл алынышы менен бул жобону алып коюшкан;

• Депутаттардын ыйгарым укуктарынын тизмесинде Жогорку соттун башчысынын ар жылдык отчёту деп жазылган Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын пункту 2010-жылдан кийин калтырылган;

• Парламент Конституцияга баш ийет жана анын жоболоруна ылайык иштейт.

Конституциялык палата Жогорку соттун ар жылдык отчёту тууралуу жобону Баш мыйзамга каршы келет деп таануу жөнүндө өтүнүчүн 1-6 айдын ичинде карамакчы.

Депутаттардын алдындагы ар жылдык отчёттор

Юрист Фатима Якупбаева «Клооптун» кабарчысына курган маегинде тастыктагандай, Жогорку сот парламентте ар жылдык отчёт тапшырууга милдеттүү эмес, анткени Конституцияда мындай берене жок.

Жогорку соттун төрагалары 2010-жылдан тарта Конституцияда аларды ар жылдык отчёт тапшырууга милдеттендирген берененин жоктугуна карабастан, жыл сайын парламенттин алдында судьялардын ишмердиги тууралуу отчёт берип келишкен.

2018-жылы депутаттар Жогорку соттун мурдагы төрайымы Айнаш Токбаева отчёт берип жатканда судьялардын иштерин сынга алышкан. Кээ бир парламентарийлер отчёт тапшыруу учурунда жарандардын сот системасына болгон ишенүүсү төмөндөп кеткенин белгилешкен.