УКМКнын башчысы отставкага кетти

Идрис Кадыркулов. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов отставкага кетти. Ал Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспортторду сатып алууга жарыялаган тендер боюнча материалдар УКМК тарабынан объективдүү каралышы үчүн кызматын тапшырган.

Кадыркуловду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

«Аталган жагдайларды, бир катар коомдук резонансты эске алып, ошондой эле менин тергөөнүн жүрүшүнө таасирим тийиши мүмкүн делген ойлорду болтурбоо үчүн Кыргызстандын УКМКсынын төрагалык кызматынан отставкага кетүү чечимин кабыл алдым», — деп айтылат Кадыркуловдун билдирүүсүндө.

Бул Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Алина Шаикова Кадыркулов аны 2018-жылдын аягында биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендерин талкулоо үчүн бейформал жолугушууга чакырган деп айтып чыккандан кийин болду.

Шаикованын айтымында, жолугушууда ошондой эле президенттин санариптештирүү боюнча кеңешчиси Дастан Догоев жана документтердин бланктарын жасоо боюнча европалык компаниялардын өкүлдөрү болушкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети мындай бейрасмий жолугушуу чындыгында эле болгонун четке каккан жок, бирок атайын кызматтын башчысы жеке максаттарды көздөбөгөнүн түшүндүрдү.

Эки аткаминердин талашынан кийин укук коргоочулар Кадыркуловдун УКМКнын башчылык кызматынан кетүүсүн талап кыла башташкан.

Мамкомитет марттын башында МКК өткөргөн чет мамлекеттик паспортторду сатып алуу тендери боюнча иликтөөсүн баштаган. Бул иш боюнча МККнын үч аткаминери тендерди утуп кеткен Garsu Pasaulis менен «аффилирленген» деген айыптоолор боюнча камакка алынган. Кичинчерээк эки аткаминер үй камагына коё берилген.

Кадыркулов УКМКнын башчылык кызматына учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков Абдил Сегизбаевди бошоткондон кийин 2018-жылы 20-апрелде келген.