Ош: Блогердин бейбаштык боюнча иши кыскартылып, ал боштондукка чыгарылды

Материал саат 11:00до жаңыртылды.

Өзгөн районунда бир айга камакка алынган блогер Бауржан Кадырбеков 18-майда бошотулду. Буга тараптардын элдешүүгө келиши себеп болгон. Ош облустук милициядан «Бейбаштык» береси боюнча иш өндүрүштөн кыскартылганын билдиришти.

«18-май күнү блогердин жактоочусу Өзгөн районунун тергөө кызматына ишенбөөчүлүк көрсөтүп, облустук ички иштер башкармалыгына кайрылган болчу. Ош милициясы блогерге “Бейбаштык” беренеси боюнча козголгон ишти облустук тергөө кызматына алдырып, ишти карап жаткан учурда чатакташкан эки тарап бири-бирин кечиришип, алардын үстүнөн козголгон иш кыскартылды», — деди Ош ОИИБнин басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев.

Кадырбеков милиция тарабынан 8-майда кармалган. Ал Өзгөн шаарынын тургунун темир таяк менен ургулап, денесине жаракат келтирүү боюнча шектелген. Блогер да тургундун үстүнөн арыз жазган.

10-майда райондук сот «Бейбаштык» беренеси менен Бауржан Кадырбековду бир айга камакка алуу чечимин чыгарган. Блогер Ош шаардык тергөө изоляторунда кармалган.

Ал эми боштондукка чыгарылган Бауржан Кадырбеков «Клоопко» билдиргендей, Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери аны коркутуп, тумчуктурушкан.

«10-май күнү Өзгөн шаарында сот болгон. Булар мага эч кандай мүмкүнчүлүк беришкен жок. Мага адвокат берилиши керек болчу. Күнөөмдү далилдебей эле бир айга камакка алуу чечимин чыгарышты. Ошол жерде дагы коркутуулар башталды. “Бир айдан кийин беш жылга отургузалы” дешти. “Бул коомдук жайда болгон окуяларды элге жарыялап, бизге тынчтык бербей жатат” деп жатышты. Ошону уккандан кийин өзүмдү начар сезип, эс-учумду жогото баштадым. Ошондо кызматкерлер мени көтөрүп алып чыгып кетишкен. Ошол учурда бетимди жаап, тумчуктурушкан. Андан кийин өзүмө келсем бутум баспай калыптыр», — деди Кадырбеков.

Акча опузалоо боюнча иш

Мындан тышкары, блогер ишкерлерден акча опузалоого шектелүүдө. Анын үстүнөн милицияга төрт кишиден арыз түшкөн. Арыз ээлери блогер өзүнүн ютуб каналына жүктөгөн видеону өчүрүп коюу үчүн 10-20 миң сом акча талап кылганын айтышкан.

Блогердин жакындары милиция акыйкат тергөө жүргүзүүсүн талап кылышууда. Алардын айтымында, ишкерлер буга чейин Кадырбековду каматабыз деп коркутушкан.

Сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азыктар менен күрөшүү

Бауржан Кадырбеков өзүнүн «Чындык Маалымат KG» ютуб каналына Өзгөндөгү дүкөндөрдө сатылып жаткан сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тасмага тартып киргизип турган. Ишкерлер блогер видеолорду ютубка жүктөгөндөн кийин алардын соодасы начарлаганын билдиришкен.

«Чындык Маалымат KG» каналы ютубка 2019-жылы 22-мартта катталган. Учурда анын 22 миңден ашуун катталуучулары бар. Кадырбековдун видеолорунун орточо көрүмдүүлүгү 20-30 миңге чейин жетет.

Мындан тышкары, 100 миңден ашуун адам көргөн беш видеосу да бар. Ал эми эң көп көрүүчү топтогон видеосундагы көрүүчүлөрдүн саны 424 миңди түзгөн.

Блогер көбүнчө Өзгөндөгү дүкөндөрдө сактоо мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөрдү тартат. Андан соң милиция кызматкерлерин чакырып, чара колдонууну суранат. Мисалы, бир ирет сатуучуга беш миң сом айып пул салынган.

Авторлошу: Айдай Беделбек кызы