Мамытов үй камагына чыгарылышы мүмкүн

IMG_0064_

Жактоочулар «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган» деп айыпталып жаткан депутат Талант Мамытовдун саламаттыгы «начарлап кеткендиктен» аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну өтүнүп жатышат. Буга мамлекеттик айыптоочулар каршы болушууда. Судья алгач ал дарыгер менен сүйлөшүшү керектигин айтты.

Мамытов тергөө абагынан башка жерде дарыланууга муктаж, деп билдирди жактоочу Икрамидин Айткулов соттун 1-февралдагы отурумунда.

Ал Аскердик-медициналык кызматтын жетекчиси өз корутундусунда депутат ооруканада жатып дарыланууга муктаж экендигин жазгандыгын айтты.

«Ал корутундусун берди. Анда “атайын дарыланууга муктаж” деп жазылган. Ал мамлекеттик дарыгер болуп саналат, ага ишенбей коюууга болбойт. Ошондуктан аны чыгарбай жаткандыктары — укук бузуу», — деп эсептейт Айткулов.

Мамытовдун өзү болсо тергөө абагынын алдындагы ооруканада берип жаткан дарылар ага жардам бербей жаткандыгын айтууда.

«Мурункудан катуураак ооруп баштадым, мени ооруканага жаткырыш керек», — деп даттанды саясатчы.

Айыптоочу тарап сот жообуна тартылып жаткан депутаттын үй камагына чыгарылышына каршы болуп жатат.

«Тергөө абагында оорукана, дарыгерлер бар. Алар карап жатышат. Эгер дарыгерлер анын өмүрүнө коркунуч туулуп жатат, чыгарыш керек десе гана каршы болбойбуз», — деди прокурор.

Судья Мамытовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча чечимин кийинчерээк чыгараарын айтты.

«Мен бул маселени бүгүн эле дароо чече албайм. Анткени дарыгер менен сүйлөшүшүм керек, андан кийин гана чечим чыгарам», – деди ал.

«Ата-журтчулардын» иши боюнча кийинки сот отуруму 7-февралда болот

«Ата-журттун» лидерлери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдор дээрлик төрт айдан бери тергөө абагында камакта отурушат. Алар 2012-жылдын 3-октябрында «Кумтөр» кенин улутташтыруу маселеси боюнча өткөн митингтин жүрүшүндө «бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылышкан» деп айыпталып жатышат.

Саясатчылар айыптоолорду моюндарына албай, анда бийликти кулатуу чакырыктары болбогондугун билдирип жатышат.

Автор: Нурия Рыскулова