Видео: УКМК кыргызстандыктардын Сириядагы согушка тартылгандыгы боюнча комментарий берди

Атайын кызматтагылар кыргызстандыктарды Сириядагы согушка көндүрүп, жалдап жаткандыктары боюнча расмий комментарий беришти. Парламент жыйынында депутат Дастан Жумабеков ал жакка 15 киши учуп кеткендигин билдирген.

http://www.youtube.com/watch?v=whW4Xcg-R8U

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети согушка тартылган деп айтылып жаткан кыргызстандыктардын кайсыл жерде экендиктери текшерилип жаткандыгын билдирди.

Парламенттин 17-апрелдеги жыйынында «Ата-Журт» фракциясынан депутат Дастан Жумабеков ага Араван районунун мечитинен көндүрүп, Сириядагы согушка алып кеткен балдардын ата-энелери кайрылгандыгын билдирген. Анын кесиптеши Өмүрбек Бакиров кыргызстандыктарды алып келүү үчүн Түркияга учуп кетти.

Сирияда оппозициялык күчтөр менен өкмөттүк аскерлердин ортосундагы куралдуу каршылашуу эки жалдан бери уланууда. Ал өлкөнү президент Башар Асаддын башкаруусуна жана Басс партиясынын бийлигин токтотууга багытталган.

Автор: Александра Ли

Сүрөт  «Азаттык»  радиосунун сайтынан алынды