Күндүн видеосу: Улутчулдар менен полиция Питерде жемиш менен соода кылгандарды «текшеришти»

27-июлда орус улутчулдары Санкт-Петербургда мыйзмасыз жемиш менен соода кылгандарды «текшеришти». Анда соода менен алектенгендердин көбү Кавказ жана Орто Азия өлкөлөрүнөн баргандар. Бул аракеттерге полиция эч кандай тоскоолдук кылган жок, ал эмес кээ бир учурларда улутчулдарга жардам да беришкен.

Видео интернетке улутчул кыймылдардын бири тарабынан жарыяланган окшойт. Ал Kloop.kg порталы тарабынан редактирленген жок.

http://www.youtube.com/watch?v=3Ju4LUSMFu8

Видео боюнча кандай пикирдесиз? Эгер сиз Орусияда жашап жаткан мигрант болсоңуз анда ал жактагы улутчулдар менен болгон көйгөйлөр тууралуу айтып берсеңиз. Өз комментарийиңизди материалдын төмөнкү жагындагы пикир калтыруу бөлүмүнө калтырсаңыз болот.