Видео: Автобус унаа тыгынын каршылаш тилке аркылуу айланып өтүп жатат

Автобус айдоочусу Бишкекте өтчү ШКУнун саммитине байланыштуу жолдордун жабылышынан улам Курманжан Датка көчөсүндө пайда болгон унаа тыгынын каршылаш тилке аркылуу айланын өтүү чечимине келген. Кыргызстандын Жол кайгуул кызматы алдыдагы саммиттен улам Бишкек көчөлөрүндөгү эреже бузууларды көзөмөлдөөгө жетишпейт жаткандыгын моюнга алган болчу.