Видео: Кыргызстандык бала кубик Рубикти 16 секунддун ичинде чогултуп жатат

Нурсултан Болотбек уулу — Ош шаарында окуйт, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу өткөн кубик Рубик чогултуу боюнча мелдеште жеңишке жеткен. Анын жетишкендигинин эң жогорку көрсөткүчү — 15 секунд, Kloop.kgнин журналистинин көзүнчө ал 16 секунддан ашыгыраак убакытта чогултту.

Болотбек уулу өз чеберчилигин күнүмдүк машыгуулар жана түрдүү ыкмаларды үйрөнүү менен такшалткан.

Кубик Рубик чогултууга кызыгып баштаганына бир жарым жыл болсо да ал бул багытта дээрлик мыктылыкка жетише алган — Кыргызстанда андан тез чогулткан эч ким жок, 2013-жылы ал кубик Рубик чогултуу боюнча өлкөнүн тарыхында алгачкы жолу өткөрүлгөн биринчиликте жеңишке жеткен.

Болотбек уулу мектеп окуучусу болуп туруп уюштуруучулук жана машыктыруучулук иштерди да өз мойнуна алган.

Бүгүнкү күндө Оштун бир нече өспүрүмү андан кубик Рубик чогултуунун ыкмаларына үйрөнүп жатышат, а жакынкы убакта ал түштүк борбордо спорттун бул өзгөчө түрү боюнча алгачкы мелдеш өткөрөт.

Болотбек уулу Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүүнү пландоодо.

Бул видеодо оштук өспүрүм кубикти 16,28 секунддун ичинде чогултту. Дүйнөлүк эң жогорку көрсөткүч голландиялык Матс Фалькка таандык, ага кубикти чогултуу үчүн 5,55 секунд гана жетиштүү болот.