Уурулукка айыпталган Ташиевдин уулу үй камагына чыгарылды

Оппозициялык саясатчы Камчыбек Ташиевдин 18 жашар уулу Тамерлан үй камагына чыгарылдыбул тууралуу Бишкек милициясы билдирди. Өспүрүм унаа дөңгөлөктөрүн уурдоого ниеттенген деп айыпталууда.

Ташиевдин уулу үй камагына чыгарылды — бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына шилтеме жасап билдирди.

18 жашар Тамерлан Ташиевге Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 28чи жана 164-беренелери менен карала турган «уурулук кылууга ниеттенүү» боюнча айып тагылды.

Сот оппозициялык саясатчынын уулуна карата камакка  алууга байланышпаган баш коргоо чарасын белгиледи. Сотко чейин ал бир суткага жакын убакыт Бишкек ШИИБсинин убактылуу кармоочу жайында камакта болгон.

Тамерлан Ташиев 1-декабрда милиция рейд жүргүзүп жаткан маалда кармалган.

Милиционерлер аны менен бирге дагы үч өспүрүмдү борбордун 5-кичи районунда унаа дөңгөлөктөрүн уурдоого аракет кылып жаткан жеринен кармашкан.

Милиция кызматкерлери кармалгандардын унаасынан 8 кыш, 20 буроо, 3 баллон ачкычын жана бир домкрат табышкан.

«Алар унаанын жанына токтоп анын дөңгөлөктөрүн чечүүгө аракет кылышкан, бирок алардын колундагы ачкыч буроолорго туура келбей калып андан ары башка унааны издеп жөнөшкөн. Кийинчерээк ошол эле кичи райондо башка бир унаанын дөңгөлөгүн чечип башташканда аларды милиция кызматкерлери кармады», — деп билдирүүдө ШИИБи..

Кымчыбек Ташиев — оппозициялык «Ата-Журт» партиясынын лидери, парламенттин мурунку депутаты. Сот тарабынан 2012-жылдын октябрындагы митинг маалында бийликти басып алууга аракет кылган деп табылган соң мандатынан ажыраган.