Видео: Оштогу митингке чыккандарга акча таратуу ыктымалдыгы

4-декабрь күнү дароо бир нече видео-сервистерде Акматбек Келдибековдун Ошто митингке чыгып жаткан тарапташтарына акча таратылып жаткандыгы тартылган делинген видео пайда болду.

Азырынча видеодо акчанын «келдибековчуларга» берилип жаткандыгынын далили жок — мындай өңүттү видеону Youtube сервисине, ошондой эле Кыргызстандын видео сервистерине чыгарууга үлгүрүшкөн тасманын авторлору карманып, коомчулукту ынандырууга аракет кылып жатышат.

Видеотасмада белгисиз айымдын кезекте турган адамдарга акча берип, аларды тизмеде белгилеп жатканы көрүнүп турат.

Андагы сүрөттөлүшкө ылайык, арткы пландагы бактардын жалбырактарынын жоктугу видео кыш мезгилинде тартылганынан кабар берет.

Андар сырткары тасмадагы кадрлардын биринде Ош облустук белгидеги номурлуу унаа да көрүнүп турат.

Азырынча бул видео боюнча бийлик дагы, оппозиция дагы эч кандай түшүндүрмө берише элек.

Коррупцияга шектелип кармалган депутат Акматбек Келдибековду колдоо митинги 2-декабрда түштүк борбордо башталган.

Митингдин катышуучулары Салык кызматын, андан кийин Социалдык фондду башкарып турган кезде каржылык алдамчылык кылган деп айыпталып жаткан саясатчынын үй камагына чыгарылышын талап кылып жатышат.

Автор: Бектур Искендер