Депутат Мурашев неврология бөлүмүнүн башчысын «түрмөгө каматам» деп коркуткан [+ видео]

Улуттук госпиталдын неврология бөлүмүнүн башчысы Жамал Турганбаев Kloop.kgге берген маегинде депутат Нурбек Мурашев аны кантип сабагандыгынын чоо-жайын айтын берди. Эл өкүлү дарегине айтылган айыптоолорду четке кагып жатат.

Невролог Жамал Турганбаев журналисттер менен болгон маегинде депутат Мурашев аны Улуттук госпиталда сабагандан кийин «түрмөгө каматам» деп коркутканын билдирди.

«Мен сени баары бир таап, түрмөгө каматам. Эгер камата албасам — мен депутат эмесмин. Сени жердин түбүнө болсо да табам», — деди Турганбаев депутаттын айткандарын кайталап.

Депутат менен дарыгердин ортосундагы чырдын чыгышына эл өкүлүнүн Улуттук госпиталда дарыланып жаткан тууганына көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамга нааразы болгондугу себеп болгон.

Депутаттын бир тууганынын жубайы Алтынай Арстанбек кызы ал жакка “арахноид” диагнозу менен 13-февралда жаткырылган. Ооруканада ал аспирациондук синдромго туш болуп, кийин эс-учун жоготуп комага түшкөн.

Турганбаевдин айткандарына ылайык, андан кийин ал өз иш бөлмөсүндө депутат менен анын жанындагы адам тарабынан сабалган.

«[Мурашев] дароо эле мени жаакка уруп жиберди. Мен эс-учумду жоготуп жыгылып калдым, беркиси [депутаттын бир тууганы] чуркап келип мени тээп жиберди. А өзүн депутат деп тааныштырган беркисимени дароо кекиртектен алды», — деди Турганбаев журналисттерге.

Көптөгөн күбөлөр

Депутат Мурашевдин кеңешчиси Улугбек Мырзамамытов дарыгер менен эл өкүлүнүн ортосунда кайым айтышуу болгонун мойунга алып, бирок ал оозеки айтышуу менен гана чектелгендигин айтып, далилдөөгө аракет кылды.

Мырзамамытов эл өкүлүнүн дарыгерге кол көтөргөндүгү тууралуу айтылган айыптоолордун бардыгын тең «ушак» деп атады.

«Бул депутаттын дарегине бир тараптуу ушак айтылып жатат. Таптакыр андай болгон эмес. Жамалбек Жумадиловичти [дарыгер Турганбаевди] эч ким сабаган эмес», — деди Мырзамамытов Kloop.kgге берген маегинде.

Бирок госпиталдын аты-жөнүн билдиргиси келбеген дарыгери бөлүм башчынын сабалышы «топтолгон көп» күбөнүн көзүнчө болгонун билдирди.

Бул жерде ал депутатты бөлүм башчы гана эмес, бул жердеги топ адамдын бардыгы – дарыгерлер дагы, медициналык кызматкерлер да, бейтаптар да көрүшкөн. Тана берет да», — деди ал.

Автор: Гүлжан Турдубаева