ВИДЕО: Бишкектин четинде унаа аткыланды

Бишкектин түндүк жагындагы Абдрахманов жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде «Нисан» үлгүсүндөгү унаа аткыланган. Азырынча жбыр тарткандар тууралуу маалыматтар жок. Белгилүү болгондой ок Калашников автоматынан жана Макаров тапанчасынан атылган.

Азырынча милицияда аткылоо боюнча так маалымат жок — алардын билдиргендери боюнча, окуя эртең мененки саат 5-6лар чамасында болгон.

«Биз так маалымат алаарыбыз менен дароо кабарлайбыз. Азырынча далилсиз эч нерсе айтпайбыз», — деди Бишкек ШИИБсинин басма сөз кызматынын өкүлү.

Жергиликтүү тургундарды сурамжылоо: