Видео: Аскер кызматына чакырылгандарды узатуу иш-чарасы

Үстүбүздөгү жылдын жазында кыргыз армиясына жалпысынан төрт миңге жакын жаш жоокерлер чакырылышты. Биздин кабарчыбыз чакыруу пунктунда болуп, жаш жоокерлердин эмнеге армияга бара жаткандыктарына, ошондой эле кыргыз армиясындагы «дедовщинага» кызыгып келген.

Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейне чогултуу пунктунда жалпысынан  аскер кызматына чакырылган 40 жаш жоокер бар экенин кабарлоодо — алар мотоаткычтар аскер бөлүктөрүндө, президенттик гвардияда кызмат өтөшүп, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУнун) алкагындагы окутууларга, машыгууларга катышышат.

Жалпысынан бул чакырылышта төрт миңге жакын жаш жоокер чогулган.

Коргоо министрлигинин өкүлүнүн шыктандырчу сөздөрүнөн кийин кызмат өтөөгө чакырылган жаш жоокерлерге «алгачкы ай үчүн белектер» — дептер, даарат кагазы, самын жана башка жеке тазалыкты сактоо каражаттары белекке берилди.

Аскер кызматындагылардын апалары комитети армияда көйгөйлөрдүн бар экендигин мойунга алышкан, бирок аны менен катар андагы абал жакшырганын белгилешти.

«Дедовщина жок, тарбиялоо бар. Эгер биздин Кыргызстаныбызды аскер кызматына чакырылгандар коргобосо ким коргойт?» — деп суроо салды комитет өкүлү.

Башкы уюштуруучулук-мобилизациялык штабдын жетекчиси Эрмухамед Юлдашев Kloop.kgге берген маегинде бул жазгы чакырылыш ЖККУнун алкагында биргелешке машыгууларды өткөрүүгө туш келип кала тургандыгын айтты.

«Бул чакырылыштагы жаш жоокерлер жайкы машыгууларды өткөрүүгө даярдануунун активдүү фазасында аскер бөлүктөрүнө барышат. Алар ЖККУнун машыгууларында катышып калуулары толук мүмкүн», — деди ал.

Кызмат өтөөгө чакырылган Тимур армияга эмне себептен бара жаткандыгын Kloop.kgге айтып берди.

«Мындай чечимди өзүм кабыл алдым. Үйдөгүлөрдүн бардыгы аскер кызматкерлери. Бул биздин үй-бүлөлүк реликвия. Анан албетте, мекенимди коргоо үчүн бара жатам», — деди ал.

Урматтуу окурмандар, милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөөгө чакыруу боюнча кандай көз караштасыздар? Аны жоюп салса болобуЭгер сиздер аскер кызматын өтөгөн болсоңуздар кыргыз армиясына кандай мүнөздөмө берет элеңиз? Кызмат өтөөдөн кийин кандай эмоциялар калды? Ал жылдарды сагынуу менен эстейсизби? Өз жоопторуңуздарды төмөнкү жактагы пикир калтыруу бөлүмүнө калтырыңыздар.

Автор: Хлоя Гейне