Видео: Одессада курман болгондордун элесине арналган акция

4-май күнү 50гө чукул киши Украинанын биримдиги менен федерализацияланышынын тарапташтарынын ортосундагы кагылышуулардын курмандыктарынын элесине арналган акцияга чогулушту.

Акцияга келгендер элчиликтин имаратынын алдына гүлдөрдү коюшуп, шамдарды жагып, аза күтүү ленталарын байлашты.

«Бул аза күтүү иш-чарасы, ал эч кандай саясий түскө ээ эмес», — деди акциянын демилгечиси, журналист Григорий Михайлов.

Анын айтымында, иш-чара «адам өмүрүнүн баалуу экендигин эске салуу» үчүн өткөрүлдү.

Уюштуруучулар акцияны болушунча калыс өткөрүүгө өткөрүүгө аракет кылышты — иш-чаранын «Фэйсбукдагы» баракчасына эч кандай саясий билдирүүлөрдү жасабастан, гүлдөр жана кара түстөгү аза күтүү ленталары менен гана чектелүү өтүнүчү жазылган.

Элчиликтин кызматкери аза китепчесине тилектештиктерин калтыруулары үчүн акциянын катышуучуларын имараттын ичине киргизди.

Акция өткөн жума күнү Украинанын Одесса шаарында орун алган кагылышуулардын курмандыктарына арналган. Ал кагылышуулардын жүрүшүндө 40тан ашык киши каза болгон.

Алардын көпчүлүгү — Бирдиктүү Украинанын тарапташтары менен болгон кагылышуулардан кийин Профсоюздар үйүндө камалып калышкан орусчул көз караштагы Украинанын федерализацияланышынын тарапташтары болушкан.