Видео: Бишкектеги аскердик ырлардын фестивалы

Kloop.kgнин кабарчысы Жеңиш күнүнө арналган «Белые журавли» аталышындагы аскердик ырлардын фестивалында болуп кайтты. Иш-чара Бишкектеги эски аянтта өттү.

Концертке Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында эки айдан бери өткөрүлүп келген аскердик ырларды аткаруучулардын сынагында алдынкы орундарга ээ болгон студенттер катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө көрүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан атайын кыргызстандыктар үчүн жазылган Улуу Ата Мекендик согуштун бир катар баатыр шаарларынан жөнөтүлгөн кайрылуулар көрсөтүлдү.

Автор: Виталий Белошапкин