Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет болжол менен акча талап кылуу максатында бир адамды 8 күн бою барымтада кармап турган эки кыргызстандык кол түшкөндүгүн билдирүүдө.
Мекеменин маалыматы боюнча, УКМКнын кызматкерлери тарабынан 9-май күнү өткөрүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө азырынча аты-жөндөрдү айтылбай жаткан эки адам кармалган. Колго түшүрүү маалында шектүү адамдардын жанынан Бишкек прокуратурасынын кызматкеринин жасалма күбөлүктөрү жана ок атуучу куралдардын бир нече түрү табылган.
Кармалгандар 1-майдан бери Кыргызстандын бир жаранын барымтада кармашып, анын апасынан акча талап кылышкандыгы болжолдонууда.
«Барымтага алынган адамдын Дүйшөмбү шаарында жашаган (Тажикстан Республикасы) апасынын уюлдук телефонуна токмоктолгон уулунун сүрөттөрү жана анын бошотулушу үчүн 100 миң АКШ долларын талап кылган билдирүүлөрдүн келип баштагандыгы аныкталган», – деп жазылган УКМКнын расмий пресс-релизинде.
Тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш кылуу фактысы боюнча Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 227-беренесинин («Барымтага алуу») негизинде кылмыш иши козголду. Кармалган адам 9-майдан бери Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камакта.
Колго түшүрүү маалы тартылган видео:
Автор: Толгонай Умуралиева