Видео: Свердлов РИИБсинин кызматкерлеринин кармалышы

12-май күнү УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери кармалышкан.  Атайын кызматтагылардын маалыматтары боюнча, кармалгандар чет өлкөлүк жарандарды кыз зордуктоого аракет кылган деп айыпташып, кылмыш ишинин козголболушу үчүн алардан «акча талап кылуу» менен алектенип келишкен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы кармалгандар Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБсинин аймактык инспекторлору жана кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери болгондуктарын билдирүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, милиция кызматкерлери атайын бир кызды башка өлкөнүн жарандары менен таанышууга алдын ала даярдашып, андан соң ал чет өлкөлүктөрдү кызды зордуктоого аракет кылган деп айыптоо менен кылмыш ишинин козголболушу үчүн алардан акча талап кылуу схемасын уюштурушкан.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында, алар менен бирге иштеген шерик кызы да кармалды. Ал бул кылмыштуу схеманын милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулгандыгы жана буга чейин унаанын сатылышын талкуулоо шылтоосу менен саунага чакырылып, анда чет элдик жаранды аны зордуктоого аракет кылган деп жалган айыптагандыктары фактысы тууралуу кылмыштарды мойнуна алып көрсөтмө берди», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Свердлов районунун онунчу шаардык милиция бөлүмүнүн инспекторлору 900 АКШ долларын алып жаткан жеринен кармалгандыктары кабарланууда. Кармалгандардын унааларынан аларга пара катары берилген сумманын дагы бир бөлүгү табылган.

Аларга каршы УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыштын белгилери боюнча Кылмыш кодексинин 304чү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 313-беренелеринин (пара талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголду. Учурда ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүгүзүлүүдө.