Видео: Алайдагы нааразычылык акциясынын катышуучулары милиция менен УКМКнын кызматкерлерин кууп жиберишти

Таяктар жана камчылар менен куралданышкан атчандар Ош облусунун Алай районундагы нааразычылык акциясынан милициянын башчысы менен УКМКнын кызматкерлерин кууп жиберишти. Анда чогулгандар камакка алынган депутат Акматбек Келдибековду колдоп, бир аптадан ашык убакыттан бери аймактагы негизги унаа жолун тосуп турушат.

«Кабарлар» маалыматтык сайты билдиргендей, акциянын катышуучулары Ош-Эркештам унаа жолунда чогулгандарды кууп тарата тургандыктары жөнүндөгү укук коргоо органдарынын коркутууларына нааразы болушкан.

Митингдин катышуучуларынын ышкырыктары менен жергиликтүү атчандар Алай РИИБсинин башчысы Орол Акбаров менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМКнын) кызматкерлерин кууп жиберишкен.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары тарабынан Ош-Эркештам унаа жолу 27-майдан бери жабык турат.

Алар өткөн жылдын ноябрында камакка алынган оппозициялык депутат Акматбек Келдибековдун бошотулушун талап кылып жатышат — бийлик аны салык кызматы менен социалдык фондду башкарып турганда каржылык алдамчылыктарга бар деп айыптоодо.